2024-жылдын 6- ноябрында шаардык маданият бөлүмүндө Майлуу-Суу медициналык колледжи тарабынан “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына, Кыргыз милициясынына 100 жыл, “Күз майрамы”, “Студенттик кече” аттуу маданий массалык иш-чара өткөрүлдү.
2024-жылдын 6- ноябрында шаардык маданият бөлүмүндө Майлуу-Суу медициналык колледжи тарабынан “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына, Кыргыз милициясынына 100 жыл, “Күз майрамы”, “Студенттик кече” аттуу маданий массалык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага МСМКнын жалпы мугалимдери, студенттери, 1-курстардын ата-энелери жана ШИИБнүн башчысынын орун басары милициянын подполковниги Ы.Р. Жусмаматов, аймактык участкалык инспекторлор катышышты.
Иш-чара КРнын гимни менен башталып алгач сөздү МСМКнын окуу тарбия иштери боюнч директордун орун басары Ж.Ч. Абдраимовага берилди.
Андан кийин аймактык участкалык инспектор Тологон уулу Шааболот суйлоп өз сөзүндө өсүп келе жаткан жаштардын мекенге, билимге болгон сүйүүсүн жогорулатып, коомдук жайларда өзүн жакшы алып жүрүүго чакырып “Үй бүлөөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча”, “Эрте турмушка чыгуу, мажбурлап турмушка берүү, кыз ала качуу” темаларында докладтарды окуп берди. Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата “Мурас” ийриминин ачык отуруму болуп, докладтар окулуп, сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү,
“Үй бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча”, темаларында докладтар окулуп, сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү,
“Күз майрамы”, “Студенттик кече” аттуу маданий массалык иш-чарада студенттер кол эмгегинен жаралган кооз көйнөктөр көргөзмөсү ошондой эле сахналаштырылган көрүнүштөр, флешмоб жана ыр бийлер менен коштолду.
Иш-чаранын соңунда шаардык ички иштер тарабынан студенттерге дипломдор ыйгарылды.
- МСМКда Кыргыз Республикасынын 23-сентябрь Мамлекттик тил кунунун 35 жылдыгына карата «Эне тилим –эне сүтүм» аттуу темада иш чара өткөрүлдү.
- Майлуу-Суу медициналык колледжи шаардык маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын “23-сентябрь Мамлекеттик тил” күнүнүн 35 жылдыгына жана мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
- 2023-жылдын 29-ноябрында Майлуу-Суу медициналык колледжи тарабынан Шаардык маданият үйүндө “Ч. Айтматов –Кылым адамы” аттуу конференция жана адабий кече өткөрүлдү.
- МСМКда “Кыргыз тили-кыргыз элинин маданиятынын очогу” аттуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышынын 34 жылдыгына арналган иш-чара, шаардык маданият үйүндө болуп өттү.
- 22.09.2023-жылы шаардык маданият үйүндө “Мамлекеттик тил” күнүнө арналган майрамдык кече жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Майрамга МСМКнын студенттери да өз өнөрлөрүн тартуулашты.