Новости
22.09.2023-жылы шаардык маданият үйүндө “Мамлекеттик тил” күнүнө арналган майрамдык кече жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Майрамга МСМКнын студенттери да өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил» кунун белгилөө жөнүндө.
2023-жылдын 22-сентябрында шаардык маданият үйүндө саат 14:00дө “Мамлекеттик тил” күнүнө арналган майрамдык кече жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Майрамга шаардагы орто окуу жайларынын студенттери, мектеп окуучулары жана шаардык мекеме – ишканалардын жетекчилери катышышты . МСМК тарабынан кыз узатуу аземи көрсөтүлдү. Майрамга IСД тайпасынын студент кыздары жана IV ЛД тайпасынын уул балдары катышты. Шаардык Мэриянын орун басары Чынара Садыковна тарабынан куттуктоо сөзү айтылып,баардык катышуучуларга “Кыргызэнциклопедия” китеби белекке берилди.Читайте также:
- Майлуу-Суу медициналык колледжи 2019–жылы программалык жана институционалдык аккредитациядан өтүп, 5 жылдык мөөнөткө лицензия берилген. Мөөнөтү 2024 –жылы аяктайт.
- 2023-жылдын 10-мартында шаардык маданият үйүндө Майлуу-Суу медициналык колледжинин студенттери 2019-2022-жылдары Советтер Союзунун баатыры Тукубай Тайгараев тууралуу көркөм-даректүү тасмасын көрүштү
- 2023-жылдын 3-март күнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун кабыл алынгандыгынын жана кыргыз элинин улуттук баш кийими болгон Ак калпак күнүн белгилөө боюнча шаардык митингге МСМКнын окутуучулары жана 1-3-курстун мырза-жигиттери катышышты.
- 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү
- Майлуу-Суу медициналык колледжинде 2019- жылдын 25 январында, шаардык маданият үйүндө “Бүтүрүүчү - 2019” аттуу бүтүрүүчүлөргө арналган майрамдык азем болуп өттү.