2023-жылдын 29-ноябрында Майлуу-Суу медициналык колледжи тарабынан Шаардык маданият үйүндө “Ч. Айтматов –Кылым адамы” аттуу конференция жана адабий кече өткөрүлдү.
КР Билим берүү жана илим министрлиги КР “Мамлекеттик тили жөнүндө” жана КР Эл жазуучусуЧ. Айтматовдун 95 жылдыгына карата КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-июнундагы №353-тескемесине ылайык, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан 2023-жылдын 18-сентябрынан 18-декабрына чейин “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын жарыяланышына байланыштуу, 2023-жылдын 29-ноябрында Майлуу-Суу медициналык колледжи тарабынан Шаардык маданият үйүндө “Ч. Айтматов –Кылым адамы” аттуу конференция жана адабий кече өткөрүлдү. Иш-чарага МСМКнын окутуучулары жана студенттер катышышты. Конференция Крнын Гимни менен ачылды . Алгачкы сөз МСМКнын бөлүм башчысы Адрешова Дохтуркан Исабековнага берилип, улуу жазуучубуз Ч. Айтматовдун байсалдуу өмүр жолуна, жана үзүрлүү эмгектеринин натыйжасында алган алган сыйлыктарына токтолду. Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Жусмаматова Т. М. “Мамлекеттик тилдин жана Ч. Айтматовдун 95жылдыгына” карата өткөрүлүп жаткан иш-чаралар, интеллекттуалдык оюндар, тарбиялык сааттар, конференциялар жана адабий кечелер студенттер үчүн тарбиялык мааниси зор экендигин баса белгиледи. Айтматовдун каармандары аркылуу студенттерди адамдык улуу сапаттарды алып жүрүүгө үндөө максатында Ч. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган кино тасмалар коюлуп жаткандыгын белгилеп өттү. Кийинки сөз МСМКнын методисти Травкина Анна Думитреевнага берилди. Ал уулу жазуучу Ч. Айтматов менен көзү тирүүсүндө баарлашкандыгы тууралуу баса белгилеп кетти. Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы философиялык ойлорго токтолду. Конференциянын жүрүшүндө видеослайт коштолуп турду.Адабий кече Ч. Айтматовго арналган “Улуу кыргыз-Чынгызга” аттуу сөзү Сооронбай Жусуевге, обону Роза Амановага таандык ыр менен студенттердин аткаруусунда башталды.Ч. Айтматовдун кино тасмаларынан сценалык көрсөтүүлөр аткарылды. Ч Айтматовдун калемине таандык “Ысык- Көлдү сагынуу” ыры ырдалды. Жазуучунун чыгармаларына сүрөт конкурсу өткөрүлдү. Жыйынтыгында мактоо баракчалары менен 1, 2, 3-орунду ээлеген тайпалар сыйланышты. Адабий кече Кыргыз Республикасынын Гимни менен аяктады.
- МСМКнын жатаканасындагы студенттердин Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Калем падышасы” аттуу кечеси болуп өттү.
- МСМКда “Кыргыз тили-кыргыз элинин маданиятынын очогу” аттуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышынын 34 жылдыгына арналган иш-чара, шаардык маданият үйүндө болуп өттү.
- 22.09.2023-жылы шаардык маданият үйүндө “Мамлекеттик тил” күнүнө арналган майрамдык кече жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Майрамга МСМКнын студенттери да өз өнөрлөрүн тартуулашты.
- 2021 – жылдын 13- декабрында Майлуу-Суу медициналык колледжинде Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата «Кыргыз тилим-көөнөрбөс мурасым» аттуу адабий кече болуп өттү.
- 2020- жылдын 26-27- ноябрь күндөрү “Сапат менежментинин ички системасы” аттуу окутуу онлайн – семинар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан өткөрүлдү.