Новости

МСМКда “Кыргыз тили-кыргыз элинин маданиятынын очогу” аттуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышынын 34 жылдыгына арналган иш-чара, шаардык маданият үйүндө болуп өттү.

27 сентябрь, 2023 0
+1

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил” кунун белгилоо жонундо

26.09.2023-ж. Бүгүн МСМКда “Кыргыз тили-кыргыз элинин маданиятынын очогу” аттуу  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышынын 34 жылдыгына арналган иш-чара, шаардык маданият үйүндө болуп өттү.  Иш- чаранын уюштуруучулары окуу жайдын предметтик циклинин окутуучулары жана студенттери мамлекеттик тил күнүнө карата , жалпы жамаатка атайын программа менен мыкты уюштурулган майрамдык иш-чара тартуулашты. Алгачкы сөз директордун орун басары И. Д. Адрешовагаберилди. Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышы , Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты  боюнча улуттук комиссиянын чечимдерине токтолуу менен бирге өз сөзүндө И.Д. Адрешова тил майрамы менен жалпы жамаатты жетекчиликтин атынан куттуктады. МСМКанын салтка айланган тил майрамына арналган иш чара мамлекеттик тилди үйрөнүүгө жана жайылтууга жакшы өбөлгө түзөт.  Иш-чара конкурс түрүндө өткөрүлдү. Конкурс  IСД “Марал”,  IАК “Улутман”,  IЛД “Жаш канат” тайпаларынын арасында өттү.  Конкурста командалар 

  1. Саламдашуу
  2. Ыр сынагы
  3. Көркөм окуу
  4. Кыргыз бийи
  5. Сахна көрүнушү  тапшырмары боюнча ат салышты.  Конкурста ар бир тапшырма  калыстар тобу тарабынан бааланып отуруп, жыйынтыгында IСД “Марал” командасы 3-орун, IАК “Улутман”командасы 1-орун, IЛД “Жаш канат” командасы 2-орундарды ээлешти.  Катышкан командаларга грамоталар, мактоо баракчалар менен сыйланышты. 
Иш-чараны уюштурган МСМКнын директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Жусмаматова Турдайым Момунбековна.




















Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив