Новости

Майлуу-Суу медициналык колледжи шаардык маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын “23-сентябрь Мамлекеттик тил” күнүнүн 35 жылдыгына жана мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

27 сентябрь, 2024 0
0
Майлуу-Суу медициналык колледжи тарабынан шаардык маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын “23-сентябрь Мамлекеттик тил” күнүнүн 35 жылдыгына жана мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата, тилдин өнүгүүсүнө анын коомдук маанисин жогорулатуу, ошондой эле кыргыз улуттук мурас, дөөлөттөрүн калкка кеңири жайылтуу иштерин улантуунун алкагында  “Мамлекеттик тил – улуттук дөөлөт” аталышындагы салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
“23-сентябрь Мамлекеттик тил” күнүнүн 35 жылдыгына жана Т. Сатылгановдун 160 жылдыгына, Б.Алыкуловдун 140 жылдыгына  карата шаардык маданият үйүндө “Мамлекеттик тил-улуттук дөөлөт” аталышындагы конференция жана “Мамлекеттик тил -улут сыймыгы” аталышындагы адабий кече болуп өттү. 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программасынын алкагында “Кыргыздардын жана кыргызстандын элинин улуттук ашканасын, улуттук музыкалык аспаптарынын салттуу түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү максатында көргөзмө уюштурулду, анда кыргыз элинин улуттук тамак аштарынын  түрлорү көрсөтүлдү жана келген конокторго тартууланды. Конференцияда Т. Сатылгановдун 160 жылдыгына, Б.Алыкуловдун 140 жылдыгына карата докладтар окулуп, слайдтар көрсөтүлдү. Адабий кече студенттердин ыр бийи, “Кыргыз тилине болгон көз карашыңыз” деген темада социалдык роликтери менен коштолду.
















Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив