Новости

Майлуу-Суу медициналык колледжинде «Зомбулуксуз коом – жаркын келечек» аттуу куратордук саат өткөрүлдү

26 ноябрь, 2026 0
0

Майлуу-Суу медициналык колледжинин 3СД тайпасында «Зомбулуксуз коом – жаркын келечек» деген темада тарбиялык иш-чара уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студент Раджапова Фарида зомбулуктун түрлөрү, анын адамдын жашоосуна тийгизген терс таасирлери жана алдын алуу жолдору жөнүндө доклад жасады.
Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук, буллинг, кибербуллинг, адам укуктарын коргоо жана жаштар арасында өз ара сый-урматты калыптандыруу маселелери талкууланды.
Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин укуктук жана адеп-ахлактык маданиятын жогорулатуу, зомбулуктун алдын алуу, бири-бирине болгон сый-урматты жана жоопкерчиликти бекемдөө.
Иш-чаранын соңунда студенттер зомбулуксуз коомду түзүү ар бир адамдын жоопкерчилигинен башталарын белгилешти.
Иш-чаранын урааны: «Зомбулукка жол жок! Зомбулуксуз коом – жаркын келечек!»
Тайпа жетекчиси: Маатов А.А.





Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив