Новости

18-февраль күнү Майлуу-Суу медициналык колледжинде биринчи жана экинчи курстун студенттери үчүн “Синтетикалык жана баңгизат каражаттарын колдонууга каршы профилактика” аталышындагы маанилүү тарбиялык иш-чара өткөрүлдү.

18 февраль, 2026 0
0

18-февраль күнү Майлуу-Суу медициналык колледжинде биринчи жана экинчи курстун студенттери үчүн “Синтетикалык жана баңгизат каражаттарын колдонууга каршы профилактика” аталышындагы маанилүү тарбиялык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында ШИИБдин КИИБ бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, милициянын капитаны Нарматов Н.О. тарабынан мазмундуу лекция окулуп, студенттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле темага байланыштуу атайын даярдалган видеоролик көрсөтүлүп, анда баңгизаттардын зыяндуулугу жана алардын коомго тийгизген терс таасири чагылдырылды.




Лекциянын жүрүшүндө синтетикалык жана наркотикалык заттардын түрлөрү, алардын келип чыгышы, таралуу жолдору жана жаштар арасында кездешүү себептери кеңири баяндалды. Айрыкча акыркы жылдары кеңири жайылып жаткан синтетикалык баңгизаттардын коркунучтуулугу, алардын курамы белгисиз болуп, адамдын организмине тез жана күчтүү таасир берери баса белгиленди.

Студенттер баңгизат каражаттарынын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу кеңири маалымат алышты. Бул заттар борбордук нерв системасына терс таасирин тийгизип, мээнин иштешин бузуп, эс тутумдун начарлашына, ой жүгүртүүнүн төмөндөшүнө жана психикалык оорулардын пайда болушуна алып келери түшүндүрүлдү. Ошондой эле жүрөк-кан тамыр, дем алуу, боор жана башка ички органдардын иштеши жабыркап, адамдын жалпы физикалык абалы кескин начарлары белгиленди.


Мындан тышкары, баңгизат колдонуу адамдын психологиялык абалына да олуттуу зыян алып келип, көз карандылыкка, агрессияга, депрессияга жана коомдон обочолонууга себеп болору айтылды. Көз карандылык пайда болгондон кийин андан арылуу өтө кыйын болуп, адамдын жеке жашоосуна, үй-бүлөлүк мамилелерине жана келечегине чоң коркунуч жаратаары белгиленди.

Иш-чаранын негизги максаты — жаштар арасында баңгизатка болгон терс көз карашты калыптандыруу, алардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана сергек жашоо образын жайылтуу болду. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты.


Мындай профилактикалык жолугушуулар жаштардын ден соолугун сактоого, туура жашоо багытын тандоого жана коомдо жоопкерчиликтүү жаран болуп калыптануусуна өбөлгө түзөт.

Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив