Новости

Колледжибиздин студенттери жана окутуучулары “Жаңы муун – Жаркын келечек” форумуна катышышты

18 апрель, 2025 0
0
Колледжибиздин студенттери жана окутуучулары “Жаңы муун – Жаркын келечек” форумуна катышышты
2025 жылдын 18-апрелинде Медициналык колледжибиздин студенттери жана окутуучулары укук бузуулардын жана баңги заттарын колдонуунун алдын алуу, жаштарды тарбиялоо маселелерине арналган «Жаңы муун – Жаркын келечек» өткөрүлгөн форумуна активдүү катышышты.
Бул форум жаштар арасында актуалдуу болгон маселелерди талкуулоого, билим берүү мекемелеринин, укук коргоо органдарынын жана жарандык коом өкүлдөрүнүн тажрыйба алмашуусуна мыкты аянтча болду. Иш-чаранын жүрүшүндө жаштардын арасында сергек жашоо образын, укуктук аң-сезимди жана жарандык жоопкерчиликти калыптандыруунун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Форумдун алкагында ар түрдүү олимпиадалардын жана сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи да өткөрүлдү. Биздин студенттер межколледждик олимпиадада 1-орунду ээлегендиги үчүн ардак грамоталар менен сыйланышты. Бул — студенттерибиздин жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана тынымсыз өсүүгө болгон умтулуусун дагы бир жолу далилдейт.
Биз студенттерибиз менен сыймыктанабыз жана жаштардын демилгелерин ар дайым колдоп келген окутуучуларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз!


Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив