Новости

«Биз терроризмге каршыбыз!» аттуу куратордук саат өткөрүлдү

22 сентябрь, 2026 0
0

«Биз терроризмге каршыбыз!» аттуу куратордук саат өткөрүлдү

2026-жылдын 22-сентябрында Майлуу-Суу медициналык колледжинин 3СД тайпасында «Биз терроризмге каршыбыз!» аттуу куратордук саат өткөрүлдү.
Куратордук сааттын башында тайпа жетекчиси Маатов А.А. терроризм тууралуу кыскача баяндама жасап, терроризмдин коомдун тынчтыгына, коопсуздугуна жана адамдардын өмүрүнө тийгизген коркунучу жөнүндө студенттерге маалымат берди. Ошондой эле терроризмдин алдын алууда жаштардын сергек жана жоопкерчиликтүү болуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге терроризм жана экстремизм жөнүндө түшүнүк берүү, алардын коомго тийгизген терс таасирин түшүндүрүү жана жаштар арасында мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу.
Иш-чаранын жүрүшүндө Баатырбек кызы Акбермет тарабынан даярдалган «Биз терроризмге каршыбыз!» темасындагы докладды Калдарбекова Нурайым окуп берди.
Докладда терроризм жана экстремизм түшүнүктөрү, алардын коомго жана адамдардын коопсуздугуна тийгизген коркунучу тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле жаштардын ар кандай радикалдуу идеялардын таасирине түшүп калбоосу, интернет булактарындагы маалыматтарга сын көз менен мамиле кылуусу жана шектүү маалыматтарды таратуудан алыс болуусу зарылдыгы белгиленди.
Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттер менен пикир алмашуу болуп, аларды мекенчилдикке, ынтымакка, достукка жана коомдук жоопкерчиликке тарбиялоонун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Иш-чаранын соңунда студенттер терроризмге жана экстремизмге каршы туруу, тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо — ар бир жарандын жоопкерчилиги экендигин белгилешти.
Майлуу-Суу медициналык колледжинде студенттердин укуктук жана жарандык сабаттуулугун жогорулатууга, тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөгө багытталган тарбиялык иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.
Куратор: Маатов А.А.



Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив