Новости

1-октябрь Карылар күнү.Бул күн улуу муундун коомдогу ордун баалоо, алардын эмгегин урматтоо жана камкордук көрсөтүү максатында белгиленип келет.

09 октябрь, 2026 0
0

1-октябрь Карылар күнү.Бул күн улуу муундун коомдогу ордун баалоо, алардын эмгегин урматтоо жана камкордук көрсөтүү максатында белгиленип келет.

Карылар-турмуштук тажрыйбасы мол, жаш муунга акыл-насаат бере турган адамдар.Алардын эмгегин эскерип, көңүлүн сурап , жардам берип туруу -биздин камкордугубуз. “Карысы бардын -ырысы бар”, “Карынын сөзүн капка сал” деген накыл кепте айтылгандай, улуу муундун өкүлдөрү жаш муундар үчүн акыл кенчи, устаты, баа жеткис байлыгы.

МСМКда Карылар күнүнө карата  1СД тайпасында “Улуу муун-биздин сыймыгыбыз!”         темасында ачык куратордук саат өтүлдү. Окуу жайда көп жыл эмгектенген окутуучуларды жана кызматкерлерди  майрамы менен куттукташты.

Шаардык мэрия тарабынан берилген тизме боюнча материалдык жардам көрсөтүлдү.





Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив