Новости

21-февраль – Эл аралык эне тил күнү.

21 февраль, 2025 0
0
21-февраль – Эл аралык эне тил күнү.
1952-жылы 21-февралда Бангладеш өлкөсүндөгү жаштар өз эне тилине мамлекеттик тил статусун талап кылышкан. Митинг күч органдары тарабынан аёосуз басылып, демонстранттарга ок атылган. Бул окуяны эскерүү максатында ЮНЕСКО тарабынан Эне тил күнү белгиленген, ошондон тартып маданият жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгиленип келе жатат. Тилдер - биздин материалдык жана мүдөөлүк мурастарыбызды сактоонун жана өнүктүрүүнүн эң күчтүү куралы катары эсептелинет.                                                                                                                          “Элдин түбөлүктүүлүгү анын тилинде” — деп улуу жазуучубуз Ч.Айтматов айткандай, элибизди эл кылып, улут катары тааныткан улуу белгибиз. Бул эне тилибиз – кыргыз тили. “Улут болсом тилим менен улутмун”, “Эне тилсиз эл болбойт”, “Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун” демекчи эне тилди  даңазалоо-ар бир жарандын атуулдук парзы.
Майлуу-Суу медициналык колледжинде Эл аралык эне тил күнүнө карата бир катар иш-чаралар өткөрүлдү, I курстардын арасында «Эне тилди барктайлы» аттуу эссе жазуу жарыяланды, жогорку курстар тарабынан буклеттер жана дубал гезиттер чыгарылды, куратордук сааттар өткөрүлдү.
Дубал газеталардын  сынагында жыйынтыгы боюнча:
I орун -I CД
II орун- III АК
III- I АК тайпаларына ыйгарылды
2 курстун студенттердин арасында видеоролик сынагында 2АК тайпасына I орун ыйгарылды.









Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив