---

06.10.2026 МСМКда Мугалимдер күнүнө карата куратордук саат өткөрүлдү

07 октябрь, 2026 0
0

06.10.2026

5-октябрь — Мугалимдер күнүнө карата куратордук саат өткөрүлдү

Майлуу-Суу медициналык колледжинин IIIСД тайпасында 5-октябрь — Мугалимдер күнүнө карата «Мугалимге болгон урмат — билимге болгон урмат» аттуу куратордук саат өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге мугалимдик кесиптин коомдогу маанисин түшүндүрүү, окутуучулардын эмгегин баалоого жана билим алууга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга тарбиялоо.

Куратордук саатта Узбекова Эленора тарабынан даярдалган докладды Парпибаева Гулмира окуп берди. Студенттер мугалимдин адамдын жашоосундагы орду, билимдин мааниси жана мугалимге болгон сый-урмат тууралуу өз ойлорун билдиришти.

Куратор Маатов А.А. студенттерди мугалимдердин эмгегин баалоого, жакшы окууга, алган билимдерин келечекте кесиптик ишмердүүлүгүндө туура колдонууга чакырды.

Иш-чаранын соңунда студенттер мугалимдерге терең ыраазычылыктарын билдирип, «Мугалимди урматтоо — билимди жана келечекти урматтоо» деген жыйынтык пикирге келишти.



Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив