Новости

2026-жылдын 29-майында Нарын медколледжинин базасында «Уюшулган жамааттар арасында гельминтоздор менен оорушат: калк арасында алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө орто медициналык кызматкерлердин ролу» аттуу эл аралык онлайн-форум болуп өттү.

02 июнь, 2026 0
0

2026-жылдын 29-майында Нарын медициналык колледжинин базасында «Уюшулган жамааттар арасында гельминтоздор менен оорушат: калк арасында алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө орто медициналык кызматкерлердин ролу» аттуу эл аралык онлайн-форум болуп өттү.

Форум Yandex Telemost платформасында онлайн форматта уюштурулуп, ага Кыргызстандын жана жакынкы чет өлкөлөрдүн медициналык колледждеринин окутуучулары, студенттери жана медицина тармагынын практик адистери катышышты.

Майлуу-Суу медициналык колледжинин (МСМК) мугалими Ашыралиева Гульбаркан Маденбековна КР Саламаттык сактоо министрлигинин Нарын медициналык колледжи тарабынан уюштурулган Эл аралык онлайн-форумга катышты. Ал форумда «Уюштурулган жамааттар арасында гельминтоздордун жайылышы: калк арасында алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө орто медициналык кызматкерлердин ролу» деген актуалдуу темада доклад жасап, жыйынтыгында катышуучунун ардактуу сертификаты менен сыйланды.

Квалификациялуу орто медициналык кызматкерлерди даярдоого кошкон өзгөчө салымы үчүн Гульбаркан Маденбековна кадыр-барктуу «Сестриндик практиканы өнүктүрүү» (Nursing Practice Advancement Award) номинациясынын жеңүүчүсү болду.

Кесиптешибизди жогорку сыйлыгы менен чын дилден куттуктап, мындан аркы кесиптик жана академиялык ийгиликтерди каалайбыз!

Ушул эле эл аалык онлайн форумда МСМКнын студенти Маматкаримова Каныкей

«Уюштурулган жамааттар арасында гельминтоздор менен оорушаттыгы: калк арасында алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө орто медициналык кызматкерлердин ролу» деген тема боюнча жигердүү катышкандыгы жана жогорку деңгээлде даярдык көргөндүгү үчүн.

II даражадары диплом менен сыйланды










Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив