МСМК медициналык колледждердин эл аралык диалогу» аттуу Эл аралык илимий-практикалык студенттик конференцияга активдүү катышты. Конференция Казакстан Республикасынын Кызылорда шаарындагы жогорку медициналык колледждин базасында өттү.
Майлуу-Суу медициналык колледжи (МСМК) «Саламаттыкты сактоо тутумундагы жаш адистер: медициналык колледждердин эл аралык диалогу» аттуу Эл аралык илимий-практикалык студенттик конференцияга активдүү катышты. Бул иш-чаранын алкагында «Медайымдык иш» адистигинин экинчи курсунун студенти Чотонова Жумагүл Топчубековна «Лидерлик. Студенттик лидерлик – келечектеги медициналык карьеранын негизи» деген темада баяндама жасады.
Баяндаманын илимий жетекчиси – усулдук иштер боюнча инспектор Травкина Анна Думитровна болду, ал баяндаманы даярдоодо ар тараптуу колдоо көрсөттү.
Конференцияга катышуу студентке өзүнүн даярдыгынын жогорку деңгээлин көрсөтүүгө, ошондой эле башка окуу жайлардын өкүлдөрү менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берди. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча конференциянын бардык катышуучулары активдүү катышкандыгы жана кесиптик диалогду өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сертификаттар жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.
Конференция Казакстан Республикасынын Кызылорда шаарындагы жогорку медициналык колледждин базасында өттү. Ал жерде жемиштүү илимий жана кесиптик талкуулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.





- Майлуу-Суу медициналык колледжинде 13-ноябрь күнү Эл аралык студенттер күнүнө жана "Студенттикке кабыл алуу" аземине арналган жаркын жана мазмундуу иш-чара болуп өттү.
- 2025- жылдын 25 мартында МСМК-да "Жугуштуу эмес ооруулар- Реалдуу коркунуч "деген темада илимий-теориялык конференция болуп өттү.
- 2023- жылдын 10-октябрьнда МСМК да "Вирустук гепатит -глобалдык көйгөй"деген темада илимий-теориялык конференция болуп өттү.
- 17-май күнү Майлуу-Суу медициналык колледжинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына карата "КРнын Конституциясынын кабыл алынганына 30 жыл. Жашоо бир орунда турбайт” деген темада илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
- Майлуу-Суу медициналык колледжинде “Эл аралык эне-тил күнүн белгилөө жөнүндө төмөнкү иштер аткарылды. “21-февраль “Эл аралык эне-тил күнүн белгилөө ” күнүнө карата иш планын түзүлүп бекитилди.