Новости

2026-жылдын 27- мартында Майлуу-Суу шаарынын маданият үйүнүн чоң залында ШИИБү тарабынан уюштурулган чоң жыйын болуп өттү.

01 апрель, 2026 0
0












2026-жылдын 27- мартында Майлуу-Суу шаарынын маданият үйүнүн чоң залында ШИИБү тарабынан уюштурулган чоң жыйын болуп өттү.
Жыйынга Жалал-Абад облусттук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, шаардын мэринин орун басары, шаардын прокурору, ШИИБүнүн башчысы,  шаардын имам-хатиби жана шаарыбыздын тургундары, медициналык колледжин,башка окуу жайлардын студенттери,  окуучулар катышты.
ШИИБнүн башчысы маалымат берип,  шаарыбыздын тургундарынын көйгөй маселелери угулду. Кылмыштуулук, укук бузуулардын алдын алуу, үй бүлөдөгү зордук- зомбулуктардын алдын алуу, жол транспорт кырсыктар, эндуро мотоциклдардын элге тийип жаткан зыяндары боюнча талкуу болуп өттү.
Жол чырактарды, видеокөзөмөлдөрдү орнотуу боюнча сунуштар киргизилди, ошондой эле участкалык милиция кызматкерлерин 3 жылга чейин алмаштырбоо боюнча элдин суранычы кабыл алынды.
Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив