Майлуу-Суу медициналык колледжинде студенттердин террористтик жана экстремисттик иш аракеттерге азгырууларынын алдын-алуу максатында шаардык ИИБ, Майлуу-Суу ШСӨБ жана шаардын имам хатиби катышка жолугушуу өткөрүлдү.
Майлуу-Суу медициналык колледжинде Майлуу-Суу шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун диний экстремизмге каршы аракет көрсөтүүгө бүтүмүн аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысынын 2022-жылдын 21-январындагы №09-01 сандуу протоколунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн2022-жылдын 15-февралындагы№06-01/509 сандуу тапшырмасына ылайык окуу жайда студенттердинтеррористтик жана экстремисттик иш аракеттерге азгырууларынын алдын-алуу максатында шаардык ИИБ, Майлуу-Суу ШСӨБ жана шаардын имам хатиби катышкан жолугушуу өткөрүлдү. Анда террористтик жана экстремисттик иш аракеттерге
азгырылбай, терроризм жана экстремизмдин кыйратуучу идеологиясына каршы лекцияларды окушту жана агартуу иштерин жүргүзүштү. Ар кандай диний агымдардын иш-аракеттери, үй-бүлөдөгү, коомдогу зордук-зомбулук, аларга каршы туруу тууралуу маалымат беришти.
- 2020- жылдын 26-27- ноябрь күндөрү “Сапат менежментинин ички системасы” аттуу окутуу онлайн – семинар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан өткөрүлдү.
- 2020-жылдын 27-февраль күнү Майлуу –Суу медициналык колледжинде Майлуу-Суу шаардык дин кызматкери менен жолугушуу өткөрүлдү.
- 2019-жылдын 26-сентябрында МСМКда жалпы коллеждик ата-энелер чогулушу өткөрүлдү.
- 17- сентябрь күнү 1-курстун студенттери менен шаардын имамы Эркинбеков Абсатар ажы менен жолугушуу өткөрүлдү.
- Майлуу-Суу медициналык колледжинде "Баткен согушунда катышкан жоокерлерди эскерүү күнүнүн 20 жылдыгына" карата жолугушуу өткөрүлдү.