Новости

2023-жылдын 10- мартында Майлуу-Суу медициналык колледжинде укук бузуу жана кылмыштуулуктун, зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча жолугушуу болуп өттү.

16 март, 2023 0
0

2023-жылдын 10- мартында Майлуу-Суу медициналык колледжинде укук бузуу жана кылмыштуулуктун, зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга Майлуу-Суу шаарынын прокурору, юстициянын полковниги Сегизбаев Талант  Наматбекович, Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасынын адиси Надырбеков Улукбек Саттаркулович, Майлуу-Суу шаарынын эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси- Сагындыкова Адина Эргешовна, мэриянын жетектөөчү адиси Мамасабиров Бексултан Нурланбекович

ЖККнын бөлүм башчысы Ташкараев Кадырбек Кочконбаевич жана МСМКнын директору Батырбекова Зирехан катышышты. 



Майлуу-Суу шаарынын прокурору, юстициянын полковниги Сегизбаев Т.Н жаштар арасында укук бузуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында окуу жайдын студенттери менен жолугушуп келе жатабыз. Майлуу-Суу шаарында дагы кылмыштуулук катталып турат терс көрүнүштөр болуп жатат.Уруулук кылгандар, суицидке баргандар, балдар арасында мушташтар катталган. Көпчүлүгүнөр кыздар экенсинер. Эрте турмушка чыгуу, кыз ала качуу бул да кылмыштуулук деп эсептелинет. Коррупцияга каршы чаралар жөнүндө дагы паралар жөнүндө сөз болду. Пара бергендер да, пара алгандар  да жана ортомчу адамга дагы кылмыш кодексинде жаза каралган деп түшүндүрдү.


СагындыковаА.Э зордук зомбулуктун түрлөрү жөнүндө айтып берди: экономикалык, рэкетчилик. Чечилбеген маселе жок экендигин, шаарда үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү бар. Ар түрдүү маселени алдын ала чечсе болот. Таалим тарбия, толерантность жөнүндө түшүнүк берди.


ЖККнын бөлүм башчысы Ташкараев Кадырбек жол эрежеси жөнүндө, жол эрежесин бузгандарга кандай чара көрүлө тургандыгы жөнүндө тааныштырды.












Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив