Новости

Майлуу-Суу медициналык колледжинде Билим күнүнүн өткөрүлүшү тууралуу маалымат 1-сентябрда Майлуу-Суу медициналык колледжинде жаңы окуу жылына арналган Билим күнү белгиленди.

19 сентябрь, 2025 0
0
Майлуу-Суу медициналык колледжинде Билим күнүнүн өткөрүлүшү тууралуу маалымат
1-сентябрда Майлуу-Суу медициналык колледжинде жаңы окуу жылына арналган Билим күнү белгиленди.
Майрамдык иш-чараны 1АК-тайпасынын  студенткасы   Кошмаматова Айчурок алып барды. Салтанаттуу бөлүгүнөн кийин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни жаңырды.
Колледждин директору Батырбекова Зирехан куттуктоо сөзүн сүйлөп, студенттерди жана окутуучуларды жаңы окуу жылы менен куттуктап, педагогикалык жамаат менен тааныштырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа көрсөтүлүп, ырлар, ыр-күйлөр жана чыгармалар аткарылды.
Салтанаттуу бөлүк аяктагандан кийин студенттер аудиторияларга тарашып, куратордук сааттар өттү. Кураторлор студенттерди колледждин уставы, ички тартип эрежелери жана Медициналык колледж студентинин ар-намыс кодекси менен тааныштырды.
Иш-чара салтанаттуу жана достук маанайда өтүп, студенттерге жаңы окуу жылына дем-күч жана шыктануу тартуулады.








Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив