Новости

Майлуу-Суу медициналык колледжинде 2019- жылдын 25 январында, шаардык маданият үйүндө “Бүтүрүүчү - 2019” аттуу бүтүрүүчүлөргө арналган майрамдык азем болуп өттү.

26 январь, 2019 0
0

Майлуу-Суу медициналык колледжинде  2019- жылдын 25 январында, шаардык маданият үйүндө “Бүтүрүүчү - 2019” аттуу бүтүрүүчүлөргө арналган майрамдык азем болуп өттү.

Бүтүрүүчүлөргө арналган азем Мамлекеттик гимн менен башталып, МСМКнын директору Батырбекова Зирехан Батырбековна куттуктоо сөзү менен кечени ачып берди. 

2019- жылы  “Дарылоо иши” боюнча эки тайпа,  “Стоматология” бөлүмүнөн бир  тайпа, жалпысынан алганда  - 67 бүтүрүүчү болду.

Алардын ичинен 16 бүтүрүүчү “Артыкчылык дипломдорго” ,4 студент коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн, 7 бүтүрүүчү спорт боюнча жетишкендиктери үчүн колледждин ардакграмоталары  менен сыйланышты. 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрү салтанаттуу түрдө ант беришти. Медициналык колледжинин окутуучулар жамааты жана студенттер салтанаттуу чогулушка толугу менен катышышты.

Кече музыкалык номерлер менен коштолуп шаңдуу өттү.












Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив