Новости

Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 14-февралындагы №9-т сандуу токтомунун негизинде III кварталында төмөнкү иш-чаралар аткарылды

14 октябрь, 2020 0
0

Майлуу-Суу медициналык окуу жайда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы “2020-жыл Региондорду өнүктүрүү,өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыгы, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2020-жылдын  14-февралындагы №9-т сандуу токтомунун негизинде III кварталында  төмөнкү иш-чаралар аткарылды:

     -  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 280/1 2020-жылдын 13-мартыжана 282/1 2020-жылдын 14-мартындагы буйрукка ылайык окуу жайда студенттерди аралыктан окутуу формасы ишке ашырылып, онлайн режиминде окутуу процесси 2020-2021-окуу жылынын 1-сентябрынан жүргүзүлүп жатат.

Окутуу процессинде окутуучулар EbiLim автоматташкан системага киргизилди.

- Кабыл алуу онлайн формасында жүргүзүлүп, абитуриенттер документтерин онлайн режимде тапшырышты.Бардык кабыл алынган аттестаттар КРнын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан портал боюнча 14 предметтин баалары боюнча маалымат киргизилип, ортонку балл аныкталды. Бюджеттик орунга конкурс боюнча 75 студент кабыл алынды .Ортоңку балл боюнча бирдей баллда бир орунга талаш маселе жаралган учурда атайын комиссия тарабынан түзүлгөн тесттик суроолор боюнча EbiLim автоматташкан система аркылуу сынак өткөрүлдү. 

2020-2021-окуу жылына бюджеттик орунга 75студент, контракттык бөлүмгө 

52 студент кабыл алынды. 

-2019-2020-окуу жылында бюджеттик бөлүмдөн 112студент , контракттык бөлүмдөн 

7 студент ,119 студент окуу жайды аяктады.

- Окутуучулардын штаттык курамы боюнча : - “Кесиптик ишмердүүлүктун укуктук камсыздалышы “сабагынын окутуучусу,усулчу  Чолпонова А.А. өз каалоосу менен жумуштан кетти, “Кыргыз тили жана адабияты сабагынан Абибова Ж.А.жумушка кабыл алынды.

- КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин №217 2020-жылдын 06.04. көрсөтмөсүн аткарууга алып, Майлуу-Суу медициналык колледжинин окутуучулары-машыктыруучулар жана бүтүрүүчү курстун студенттери, жалпысынан 95 адам  “Кыргызстанда коронавирус инфекциясы (COVID-19) темасында онлайн режиминде окутулду.

-КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2020-жылдын 24.07. №549садуу буйругуна ылайык “COVID-19 менен күрөшүү боюнча республиканын Саламаттыкты сактоо уюмдарында кызыл зонада иштеген кызматкерлерди 

Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүү боюнча 17-сентябрда МСМКдан 2 кызматкер:

Абдикаримов М.А.,Саттарова А.Б. жөнөтүлдү. 

Окутуучулар аралыктан окутуу боюнча  ZOOM жана WhatsApp  аркылуу видеосабактарды өтүп жатышат.“Латын тили медициналык терминология менен” сабагы боюнча Адрешова Д.И. жана “Тери ооруулары” боюнча Казакенова Ф.Е. өтүштү , ачык сааттарды видеосабак кылып даярдашты.

-1-сентябрь Билим күнүнө карата бөлүм башчы онлайн куттуктоо даярдап, “Бактылуу үй-бүлө-бактылуу коом” темасында куратордук сааттар өтүлдү. 

-18-сентябрь Баткен согушунда курман болгондорду эскерүү күнүнө карата “Баатырларды эскерүү” темасында видео слайд даярдалды. Тайпаларда куратордук сааттар өтүлдү. Студенттер видео аркылуу  Баткен согушу тууралуу жана баатырлардын эрдиктери  боюнча аңгемелешүүлөр өткөрүлдү, ыр саптарын көркөм окушту.

-23-сентябрь Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынганынын 31 жылдыгына карата “Тил – улуттун байлыгы” темасында видео слайд даярдалды.Студенттер Кыргыз тили тууралуу автордук ырларын жазышты, акындардын чыгармаларынан көркөм окушту. 

- Китепканада Мамлекеттик тил  күнүнө карата көргөзмө уюштурулду.

- 23-сентябрь Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынганынын 31 жылдыгына

  карата баннер чыгарылды.

  

- 2020-2021-окуу жылына материалдык-техникалык база толукталды:

·Окуу жайдын башкы имаратынын кирүү дарбазасы жаңыланды;

·Мира көчөсүндөгү №49-51 окуу имараттарынын айланасы тосмолонуп,кире беришине айлампа эшиктер коюлду;

·Жатаканада 100 матрас төшөнчүлөрдүн пахталары атырылып, жаңыланып, кабылды.

·Окуу жайдын башкы имаратына профориентация боюнча “Мы шагаем в ногу  со временем” деген баннер чыгарылды , маалымат тактасы жасалды.

·Тайпаларда онлайн режимде куратордук сааттар өтүлдү.

·- Окуу жылына керектүү концелярдык буюмдарга порталга буюртмалар берилди.

·Медициналык окуу китептери орус жана мамлекеттик тилде Студенттердин  коомдук фондунан 60000 сомдук өлчөмдө буютмалар берилди.

·Окуу жайга Студенттердин  коомдук фондунан 44000 сомдук телевизор алынды.

Окутуучулар жана кызматкерлер санитардык-эпидемиологиялык талаптарды

   сактоо менен иш алып барышууда. Окуу жайдын айланасында, окуу кааналарында

   дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Окуу имаратына киргенде маска,

   антисептикалык каражаттар,кол кап кийип, аралыкты сактоо менен иштеп

  жатышат. Коронавирус ооруусунун алдын алуу, ооруну жуктуруп албоонун

  жолдору, эрежелерди так сактоо тууралуу студенттерге түшүндүрүү иштери

  жүргүзүлдү.

-2020-2021-окуу жылына карата жашы жете элек студенттердин тизмеси  такталып

   Майлуу-Суу ШИИБнүн ЖЖИИне берилди. 

Шаардык мэрия тарабынан бекитилген аймактарда жана окуу жайдын 

     айланасында тазалоо иштери жүргүзүлүп, ишембиликтер өткөрүлдү.

Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив