Новости
Майлуу-Суу медициналык колледжинде салык кызматынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
Майлуу-Суу медициналык колледжинде салык кызматынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
2026-жылдын 25-ноябрында Майлуу-Суу медициналык колледжинде Майлуу-Суу шаарынын салык кызматынын кызматкерлери менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү.Жолугушууга колледждин «Медайымдык иши» адистигинин 3-курсунун студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Майлуу-Суу шаары боюнча салык кызматынын инспекторлору Токтоназаров У.Ы. жана Казиева Ж.Д. студенттерге салыктардын мамлекеттин өнүгүүсүндөгү мааниси жана аткарган ролу тууралуу кеңири маалымат беришти.
Ошондой эле студенттер Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр менен таанышып, салык төлөөнүн тартиби жана жарандардын салыктык милдеттенмелери боюнча түшүндүрмөлөрдү алышты.
Жолугушуунун соңунда инспекторлор студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берип, пайдалуу маалыматтар менен бөлүшүштү.
Мындай жолугушуулар студенттердин укуктук жана финансылык сабаттуулугун жогорулатууга, салык маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт.




Читайте также:
- 2026-жылдын 22-сентябрында МСМКда жана колледждин жатаканасында ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте студенттер арасында экстремизм жана терроризмдин, ошондой эле зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
- «Биз терроризмге каршыбыз!» аттуу куратордук саат өткөрүлдү
- Майлуу-Суу медициналык колледжинде 13-ноябрь күнү Эл аралык студенттер күнүнө жана "Студенттикке кабыл алуу" аземине арналган жаркын жана мазмундуу иш-чара болуп өттү.
- Майлуу-Суу медициналык колледжинде Билим күнүнүн өткөрүлүшү тууралуу маалымат 1-сентябрда Майлуу-Суу медициналык колледжинде жаңы окуу жылына арналган Билим күнү белгиленди.
- Майлуу-Суу медициналык колледжинде Советтик Армиянын Ооганстандан чыгарылгандыгын 36 жылдыгына карата конференция-жолугушуу болуп өттү жана 14 февральда шаардык денгелинде өткөрүлгөн митинге МСМКнын студенттери катышып келишти.