Новости
7–8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата китеп көргөзмөсү өткөрүлдү
Майлуу-Суу медициналык колледжинин китепканасында 7–8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Көргөзмөнү колледждин китепканачысы Смекеева Гүлсайра жетектеди.Көргөзмөнүн негизги максаты — студенттерге кыргыз элинин тарыхындагы маанилүү окуялар, өткөн кылымдагы саясий репрессиялар, ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолу жана өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошкон тарыхый инсандар тууралуу кеңири маалымат берүү.
Көргөзмөгө тарыхый окуяларды, белгилүү инсандардын өмүр жолун жана кыргыз элинин тарыхый мурастарын чагылдырган китептер коюлду.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарыхый китептер менен таанышып, ата-бабалардын басып өткөн жолун билүү, алардын эмгегин урматтоо жана тарыхый мурастарды сактоо ар бир муундун милдети экендиги белгиленди.
Мындай иш-чаралар жаштарды мекенчилдикке, улуттук баалуулуктарды урматтоого жана өз элинин тарыхын терең билүүгө тарбиялоодо маанилүү роль ойнойт.
Тарыхын унутпаган элдин келечеги кең!



Читайте также:
- «Биз терроризмге каршыбыз!» аттуу куратордук саат өткөрүлдү
- 15-февралда Афганистан мамлекетинен советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 37 -жылдыгына арналган салттуу иш-чара болуп өттү.
- Майлуу-Суу медициналык колледжинде "7–8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү" күндөрүнө арналган илимий-теориялык конференция болду.
- Майлуусуу медициналык колледжинин студенттери Баткен коогаланга арналган митингке активдүү катышышты.
- Майлуу-Суу медициналык колледжинде “Кыргыз элинин улуттук баш кийими болгон 5-март Ак калпак күнүнө” карата иш-чаралар өткөрүлдү.