Новости

15-февралда Афганистан мамлекетинен советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 37 -жылдыгына арналган салттуу иш-чара болуп өттү.

16 февраль, 2026 0
0

15-февралда Афганистан мамлекетинен советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Бул дата — тарыхый мааниге ээ күндөрдүн бири болуп саналат. 1989-жылдын 15-февралында Советтик аскерлер Афганистан аймагынан толугу менен чыгарылып, дээрлик он жылга созулган согуш аяктаган. Бул күн согушта курман болгон жоокерлерди эскерүү, алардын эрдигин даңазалоо жана мекенге болгон кызматын урматтоо күнү катары белгиленип келет.

Иш-чарага медициналык колледждин директору Батырбекова З., НВМП окутуучусу Мунаков Д.Ж. жана студенттер катышышты. Аталган датага карата уюштурулган митингде сөз сүйлөнүп, Афган согушуна катышкан жоокерлердин кайраттуулугу, мекен алдындагы жоопкерчилиги жана тарыхый орду тууралуу маалымат берилди.

Митингдин жүрүшүндө катышуучулар курман болгондорду бир мүнөт унчукпай эскеришип, жоокер-интернационалисттердин эстелигине гүл коюшту. Мындай иш-чаралар жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоодо жана тарыхый эс-тутумду сактоодо маанилүү роль ойнойт.











Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив