Новости
12-март күнү шаардык китепканада жаңы китептер менен таанышуу эксурсия өткөрүлдү. Майлуу-Суу медициналык колледжинин 1-курстун студенттери катышышты.
12-март күнү шаардык китепканада жаңы китептер менен таанышуу эксурсия өткөрүлдү. Майлуу-Суу медициналык колледжинин 1-курстун студенттери катышышты. Экскурсиянын максаты :
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы «Улуттук нарк жөнүндө” ПЖ №157 Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы №510 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы ;
- 2022-жылдын 22-апрелиндеги “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы-“Манас”, “Семетей”, “Сейтек”эпосторун ар тараптан изилдөө жана популярлаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” ПЖ №126 Жарлыгы; жана “Мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар”, Ч.Айтматовдун 100 жылдыгынаылайык уюштурулган көргөзмөдө коюлганадабий китептер менен таанышуу болду.
КөргөзмөдөЧ.Айтматовдун 12 томдугу, “Курманжан Датка, К.Осмоналиевдин “Көчмөндөр кагылышы”, Абдыкадыр Орозбековдун Кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүн түзүүдөгү орду”, “Юсуп Абдрахманов”, К.Тыныстановдун “Чагылгандын көз жашы” ; “Кайран эл тайгак кечүүдө 1-2 томдугу, К.Жантөшөвдун “Каныбек” романынын 1-2 томдугу; “Улут маданиятына чабуул” ; А.Осмоновдун 110 жылдыгына карата “ Алыкул Осмоновдун “Көл толкуну”; С.Жигитовдун “Күн тууду” ; У.Абдикаимовдун “Майдан” , А.Бегимкулованын “ Экинчи өмүр” ж.б. адабий китептер, тамсилдер, тандалмалар көрсөтүлдү.Студенттер чет эл жазуучулардын ктитептерин, медициналык китептерге да кызыгып , китепканадан китептерди алышты.
Читайте также:
- 2025-жылдын 3-март күнү МСМКда Мамлекеттик Туу күнү белгиленди.
- Майлуу-Суу медициналык колледжи шаардык маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын “23-сентябрь Мамлекеттик тил” күнүнүн 35 жылдыгына жана мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
- Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналат. “Манас”-кыргыз рухунун туу чокусу.
- 2023-жылдын 3-март күнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун кабыл алынгандыгынын жана кыргыз элинин улуттук баш кийими болгон Ак калпак күнүн белгилөө боюнча шаардык митингге МСМКнын окутуучулары жана 1-3-курстун мырза-жигиттери катышышты.
- Майлуу-Суу медициналык колледжинде “Кыргыз элинин улуттук баш кийими болгон 5-март Ак калпак күнүнө” карата иш-чаралар өткөрүлдү.





