Новости

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналат. “Манас”-кыргыз рухунун туу чокусу.

11 декабрь, 2023 0
+1

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу

Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналат. “Манас”-кыргыз рухунун туу чокусу. 

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эмгек Кызыл Туу, I даражадагы «Манас» орденинин, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын ээси Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Манас”-кыргыз рухунун туу чокусу” деген темада “Замандан заман өтүп, жер үстүндө кыргыз тили жашап тургуча “Манас”- биздин улуттук туу чокубуз катарында тура бермек”   деген Ч.Айтматовдун сөздөрү тастыктап тургандай   4-декабрь “Манас” эпосунун күнү. Бул күн “Манас” эпосун сактоо жана жайылтуу. Өлкөдө манас таанууну өнүктүрүү, манасчыларга өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүү максатында 2015-жылы 27-апрелиндеги №259 токтомунун негизинде кабыл алынган. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги  «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы-«Манас» эпосунун үчилтигинин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” ПЖ №126 Жарлыгы, 2022-жылдын 20-майындагы “Улуттук нарк жөнүндө ” ПЖ №157 Жарлыгы , 2022-жылдын 30-августундагы  “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” ПЖ №303 Жарлыктарын аткарууга алып 2023-жылдын 4-декабрында “Манас” эпосунун күнү өткөрүлүп жатат.


“Манас” эпосунун күнүнө карата “Мурас” ийриминин катышуучулары ыр-бийлерди аткарышты. Ошондой эле Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Акыл ордо”  интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.

Катышуучулар:

1СД Абдыкерим к Нуриза, Садиева Акылай, Аскаралы к Зарина 

1ЛД Сагыналиева Айдана, Мойдинова АизаМирзахмедова Айпери

1АК Камчыбекова АэлинаАнарбек к Рахат 

Оюнда Ч.Айтматовдун өмүрү-чыгармачылыгы, сыйлыктары, чыгармалар боюнча тартылган кино тасмалар, драма-театр , даректүү фильмдер жана учкул сөздөрүнөн түзүлгөн суроолор ойнотулду.Даярдаган “Коомдук сабактар” окутуучусу Исабекова Г.М.














Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив