Новости

2023-жылдын 10-ноябрында Майлуу-Суу медициналык колледжинде Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө жана “Күз майрамына” арналган иш-чара өткөрүлдү.

13 ноябрь, 2023 0
0

2023-жылдын 10-ноябрында Майлуу-Суу медициналык колледжинде Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө жана “Күз майрамына” арналган иш-чара өткөрүлдү. 10- ноябрь. Бул күн 1945-жылы 29-ноябрдан 10-ноябрга чейин Лондондо өткөн Буткүл Дүйнөлүк Жаштар Конференциясында белгиленип калган. Бул тарыхый конференция Экинчи Дүйнөлүк Согуш учурунда фашизмге каршы күрөшүү максатында  Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Кеңешинин демилгеси менен демилгелүү жаштар тарабынан түзүлгөн. Конференция биринчи жолу эл аралык жаштар кыймылынын өкулдөрүнүн башын бириктирип, анда 30 миллиондон ашык ар кандай саясий идеологиядагы жана диндеги, 63төн ашык улуттун жаштары чогулушкан.

Иш-чаранын жүрүшүндө МСМКнын директору соз сүйлөп: “Кыргызстандын өсүп келе жаткан жаш муундарынын арасында дуйнөдө чоң ийгиликтерге жетишип, бийик чокуларды багындырган жаштардын аз эмес экендиги бизди кубандырбай койбойт. Кыргызстаныбыздын өсүп- өнүгүүсүндө жаштардын салымы чоң. Андыктан, мамлекетибиздин эртеңи болгон билимдүү жаштарыбыздын арбын болушун тилек кылабыз!” деген калоо тилектерин билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө активдүү группалар мактоо баракчалар менен сыйланды 






















Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив