Новости

2025-жылдын 16-декабрында IСД тайпасында окутуучу Абдраимова Ч.Ж. "Медициналык генетика" сабагы боюнча "Адамдын тукум куума белгилерин изилдөө ыкмалары" темасында ачык сабак өттү.

17 декабрь, 2025 0
0

Практикалык сабакта студенттер теориялык сабакта алган билимдерин бекемдешет, тактап айтканда адам генетикасын изилдөөнүн ар кандай ыкмаларын — генеалогиялык, эгиздер ыкмасы, биохимиялык, цитогенетикалык ыкмаларды өздөштүрүшөт.

Студенттер урук-тукум дарагын түзүү методикасын, аны талдоону, ошондой эле өз үй-бүлөсүнүн, туугандарынын урук-тукум дарагын түзүүдө жана маселелерди чечүүдө колдонулуучу шарттуу белгилерди үйрөнүшөт.

Студенттер адамдын тукум куумалуулугун изилдөөнүн ыкмаларын жана усулдарын билүүгө, колдонууга жана өздөштүрүүгө, ылайыктуу методикаларды тандап жана негиздеп берүүгө, алынган жыйынтыктарды туура чечмелөөгө, этикалык жана уюштуруучулук аспектилерди эске алууга, ошондой эле ЦСМ/ПМСП деңгээлинде жөнөкөй изилдөө жана кесипке багыт берүүчү иш-чараларды пландап, өткөрө билүүгө тийиш.

Материалдык-техникалык камсыздоо:

Китептер, буклеттер, плакаттар, лекциялар, схемалар, таблицалар, тапшырмалар, тесттер, ТСО (техникалык окутуу каражаттары).

Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив