Новости

2025-жылдын 2-декабрында 3ЛД тайпасында окутуучу Субанова А.А. "Үй-бүлөлүк медицина жана социалдык патронаж" сабагы боюнча "Эмдөө каанасынын иши" темасында ачык сабак өттү.

02 декабрь, 2025 0
0
2025-жылдын 2-декабрында 3ЛД тайпасында окутуучу Субанова А.А. "Үй-бүлөлүк медицина жана социалдык патронаж" сабагы боюнча "Эмдөө каанасынын иши" темасында ачык сабак өттү.

Ачык сабактын максаты:

* студенттерди эмдөө каанасынын ишин уюштурууга үйрөтүү;
* документацияны жана негизги буйруктарды окуп-үйрөнүү;
* эмдөөлөрдүн планын түзүү;
* поствакцинациялык татаалдыктарды жана эмдөө реакцияларын аныктай билүү;
* баланын жашоосунун алгачкы жылдарында жана жалпы адам өмүрүндө эмдөөнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүү;
* үй-бүлөдө вакцинацияга байланыштуу көйгөйлөрдү баалоо;
* эмдөөчү медайымдын ролу жана милдеттери;
* вакциналарды жүргүзүү жолдору жана техникасы;
* коммуникативдик жөндөмдөрдү өнүктүрүү, угуу техникасын жакшыртуу жана медайым менен пациенттин ортосунда ишенимди бекемдөө;
* жалпы кесиптик компетенция ларды калыптанды руу.

Ачык сабактын жүрүшүндө колдонулган ыкмалар:
— суроо-жооп ыкмасы,
— диагностикалык жана кырдаалдык тапшырмаларды чечүү,
— топтордо иштөө,
— кроссворддорду колдонуу,
— тесттер менен иштөө;
— профилактика лык эмдөөлөр картасын толтуруу,
— манипуляцияларды практика жүзүндө аткаруу. Сабактын жүрүшүндө тематикалык видео тасмалар колдонулду.









Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив