Новости
2025- жылдын 12-декабрь күнү Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата 1ЛД тайпасында Аттакурова А.С.: “Кылым карытар бир күн” темасында ачык куратордук саат өттү.
Майлуу-Суу медициналык колледжинде КРнын Президентинин 2025-жылдын 3- октябрында “Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган маарекелик иш-чараларды өткөрүү жөнүндө” №279 Жарлыгын ишке ашыруу максатында иш-чаралар планы бекитилди.
2025- жылдын 12-декабрь күнү Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата 1 ЛД тайпасында Аттакурова А.С.: “Кылым карытар бир күн” темасында ачык куратордук саат өттү. Студенттер Чыңгыз Айтматовдун өмүр баяны, чыгармалары, сыйлыктары тууралуу докладдарды окушту. “Кызыл Алма”, “Делбирим” аттуу чыгармаларына арналган видеороликтерди тартышты.Чыгармалардан үзүндүлөрдү сахналаштырып, алп жазуучу өнүндө жазылган ыр саптарын көркөм окушту. Китепканада “Айтматов ааламы” аттуу бурч уюштурулуп,Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча адабий кече өткөрүлдү, дубал гезиттер чыгарылды.Студенттер чыгармалардан көркөм окушту.Суроо-жооп викторинасы өткөрүлдү.Читайте также:
- 2025-жылдын 1-октябрында Майлуу-Суу медициналык колледжинде «Даанышмандык жана тажрыйба» темасында 4ЛД тайпасы тарабынан ачык куратордук саат өткөрүлдү.
- 2023-жылдын 29-ноябрында Майлуу-Суу медициналык колледжи тарабынан Шаардык маданият үйүндө “Ч. Айтматов –Кылым адамы” аттуу конференция жана адабий кече өткөрүлдү.
- МСМКнын жатаканасындагы студенттердин Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Калем падышасы” аттуу кечеси болуп өттү.
- 2021 – жылдын 13- декабрында Майлуу-Суу медициналык колледжинде Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата «Кыргыз тилим-көөнөрбөс мурасым» аттуу адабий кече болуп өттү.
- 12-декабрь -Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата эскерүү кечеси өткөрүлдү














