2024-жыл 20-май күнү Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык маарекесине карата өткөрүлгөн "Медициналык айым иши" жана “Фармация” адистиктери боюнча Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын республикалык олимпиадасы болуп оттү.
Кыргызстандагы орто медициналык адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында 2024-жылдын 20-май күнү Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык маарекесине карата өткөрүлгөн "Медициналык айым иши" жана “Фармация” адистиктери боюнча Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын республикалык олимпиадасы болуп отту .
https://www.youtube.com/watch?v=A9ach5WthSU2024-жылды 6-май күнү Майлуу-Суу медициналык колледждеги 3-курстун «Медициналык айым иши» адистиги боюнча окуган 27 студентин катышуусунда олимпиада өткөрүлдү. Алардын ичинен:
1- орунга Пратпаева Айжан.
2- орунга Апызова Барчынай.
3-орунга Кутманалы кызы Даткайым.
Республикалык олимпиадасына 1 турдун негизинде Пратбаева Айжан жогорку баллга ээ болуп, Кыргызстандагы медициналык колледждендин арасынан I- орунга жетишти.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи Ош шаарында ОШМУнун башкы корпусунда болуп өттү.
Сыйлыктарды ОшМУнун Орто кесиптик билим берүү департаментинин директору, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Мамажакып уулу Чыңгыз жана ассоциациянын төрагасы Ө.Т.Станбаев тапшырды. Республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү Пратбаева Айжанга ОшМУнун белектери ошондой эле ассоциация тарабынан 1-даражадагы диплом жана 5000 (беш миң) акчалай сыйлык тапшырылды.
МСМКнин администрациясы тарабынан жеңүүчүгө жана практикалык окуунун башчысы Таштанбекова Г.А. Ардак грамотасы менен сыйланды.
- 2024-жылдын 13-майында МСМКда 1-курстун студенттерин окуу-өндүрүштүк практикага жөнөтүү боюнча конференция болуп өттү: «Мед айым адистиктери боюнча баштапкы кесиптик көндүмдөрдү алуу үчүн 2 кредит, 60 саатан турат.
- 2024-жылдын 7-майында МСМКда 1-курстун студенттерин окуу-өндүрүштүк практикага жөнөтүү боюнча конференция болуп өттү: «Дарыгердик иши», «Акушердик иши», адистиктери боюнча баштапкы кесиптик көндүмдөрдү алуу үчүн 3 кредит, 90 саатан турат.
- 2023-жылдын 15 ноябрында Майлуу-Суу медициналык колледжинде "IVЛД1,2" тайпасынын студенттерине «Дарылоо иши» адистиги боюнча квалификацияга чейинки практикага жиберүү үчүн конференция болуп өттү.
- Майлуу-Суу медициналык колледжи 2019–жылы программалык жана институционалдык аккредитациядан өтүп, 5 жылдык мөөнөткө лицензия берилген. Мөөнөтү 2024 –жылы аяктайт.
- 2021- жыл “Инсандын руханий – адеп ахлактык онугуусу жана дене тарбиясы жонундо жана Жаштар жумалыгына арналган волейбол боюнча ишканалар жана окуу жайлар арасында мелдеш болуп өттү.