Новости

2024-жылдын 7-майында МСМКда 1-курстун студенттерин окуу-өндүрүштүк практикага жөнөтүү боюнча конференция болуп өттү: «Дарыгердик иши», «Акушердик иши», адистиктери боюнча баштапкы кесиптик көндүмдөрдү алуу үчүн 3 кредит, 90 саатан турат.

15 май, 2024 0
0
2024-жылдын 7-майында МСМКда 1-курстун студенттерин окуу-өндүрүштүк практикага жөнөтүү боюнча конференция болуп өттү: «Дарыгердик иши», «Акушердик иши», адистиктери боюнча баштапкы кесиптик көндүмдөрдү алуу үчүн 3 кредит, 90 саатан турат.
Конференцияга чакырылгандар: топ кураторлору Кадыров К.Т, Таштанбекова Г.А окутуучулары: «Медайымдар ишинин негиздери». Белова Л.Е.
Жүрүм-турум эрежелери, өздүк гигиена, күндөлүктү толтуруу жана бейтаптар менен баарлашуу боюнча инструкцияланган
ООПдан өтүүдөгү талаптар жөнүндө: студенттердин сырткы көрүнүшү халат, чепчик, милдеттүү түрдө бет кап, медициналык кол кап кийүү. Антисептиктерди, тапочкаларды, тырмактарды кыска кесип, лактарды алып салуу, чепчик астындагы чачтарды алып салуу керек, практикага кечигип калбоо, калтырбоо, практиканын тикелей жана жалпы жетекчилеринин бардык талаптарын аткаруу, этиканы жана деонтологияны сактоо, нөөмөтчү медициналык персоналдын нөөмөтүн өткөрүү учурунда чргулушка  катышуу.
Аппаратар  менен иштөөдө коопсуздук чараларын сактоо, кан, оорулуунун секрециялары, кусуу, заара, заң менен иштөөдө, кол кап, маска менен иштөө.
Электр энергиясы жана электр приборлору менен иштөөдө коопсуздук чараларын сактоо боюнча кенеш берилди.
Күндөлүктөрдү толтуруу  боюнча кеңири инструктаж өткөрүлдү: күндөлүктөрдү өз убагында жана туура түзүү, ар бир бөлүмдөн кийин санариптик отчетту жазуу, нөөмөттөгү медайымдардын кол коюусуна күн сайын тапшыруу. Улуу мээрман эжеден өз убагында мүнөздөмөлөрдү алуу.



Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив