Отчеты директора

Майлуу-Суу медициналык колледжи 2019–жылы программалык жана институционалдык аккредитациядан өтүп, 5 жылдык мөөнөткө лицензия берилген. Мөөнөтү 2024 –жылы аяктайт.

25 сентябрь, 2023 0
0

Майлуу-Суу медициналык колледжи 2019–жылы программалык жана институционалдык аккредитациядан өтүп, 5 жылдык мөөнөткө лицензия берилген. Мөөнөтү 2024 –жылы аяктайт.


Майлуу-Суу медициналык окуу жайы 1961- жылы ачылган. Орто кесиптик адистерди даярдоочу мамлекеттик окуу жайлардын бири. Окуу жайда төрт адистик боюнча: “Акушердик иш”, “Дарылоо иши”, “ Медициналык айым иши”, “Тиш техниги” боюнча адистер даярдалат.


Медколледжде 60 кызматкер, анын ичинен азыркы учурда  12 “Саламаттык сактоонун  ардактуу кызматкери”, 8 дарыгер, 15 жогорку билимдүү педагог окутуучу эмгектенет.


Окуу жайда республиканын ар кайсы аймактардан келген  студенттер үчүн                         75 орундуу жатакана бар , 40 орундуу ашкана,  жайкы спорт аянчасы  , медпункт   иштейт. Студенттер үчүн ак халат, чепчик жана бут кийим алмаштыруучу жай да каралган.


Практикалык сабактар  ар бир циклдин  окуу-машыктыруу борборлорунда өткөрүлөт. Өндүрүштүк практикалар республиканын ЖДПБда, ҮДТ, ФАПтарда өтүлөт.

Медколледждер  арасында  академиялыкмобилдүүлүк  келишимдин негизинде  студенттерменен тажрыйба алмашылып жатат.


Президентибиздин жарлыгы  менен санариптештирүү, Санарип аймак программалары ,электрондук журнал, электрондук  расписание, иш кагаздары СЭД, Инфодокс, , Ебилим системасы боюнча жүргүзүлөт.

Академиялык чынчылдык , Коррупциягакаршы күрөшүү программаларына ылайык кабыл алуу сынактары , күзгү жана жазгы сынактык сессиялар, Жыйынтыктоочу мамлекеттик Аттестациялоо Ебилим” программасы менен алынат.

Окуу жайдын имаратында окуу кааналарында, жатаканада 36 байкоо видеокамералары орнотулган ,  бардыкокуу корпустары, жатакана акысыз Wi-Fiгауланган , таза суу ичүүчү кулерлер орнотулган.

Китепканада 16747 даана китеп бар. Электрондун китепканада 7 миң китеп бар.

Майлуу-Суу медициналык колледжинин студенттери сабактан тышкары ар түрдүү спорттун түрлөрү менен да машыгып келет, шаардык, райондук, областык жана республикалык деңгээлде өткөрүлгөн спорттук иш-чараларга активдүү катышып,байгелүү орундарга ээ болушууда.

Шаардык мэрия тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чараларга, ишембиликтерге, акцияларга жогорку деңгээлдеги даярдыктар менен катышып келишет.

Проект менен окуу корпустун тосмолору, имараттын фасады,  ашкана жана окуу-машыктыруу борборлору кеңейтили,п оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлдү.

Студенттердин коомдук фонду тарабынан компьютер, диапроектор, эмеректер алынды. МСМКнын бүтүрүүчүлөрү телевизор жана музыкалык аппаратураларды окуу жайга белек кылышты. 


Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив