Новости

Майлуу-Суу медициналык колледжи Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмү менен биргеликте жергиликтүү жана онлайн “Бош орундар жана мүмкүнчүлүктөр жарманкеси” жана “Ачык эшиктер күнүн” өткөрүштү.

30 апрель, 2024 0
0












Майлуу-Суу медициналык колледжи Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмү менен биргеликте жергиликтүү жана онлайн “Бош орундар жана мүмкүнчүлүктөр жарманкеси” жана “Ачык эшиктер күнүн” өткөрүштү.

Бош орундар жарманкесинин негизги максаты Медициналык практика борборунун өкүлдөрү, шаардык стоматологиянын башчысы Элмирбек Улуу М, ошондой эле МС ЭЛЗ ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчиси А.Сейталиева ,УТСтин жетекчиси А.Э.Сагындыковалар менен жолугушуу аянтчасын түзүү болду.

Иш-чарада МСМК боюнча директордун орун басары Ч.Ж.Абдраимова куттуктоо сөз сүйлөп, колледж жана анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Иш-чаранын жүрүшүндө абитуриенттер жана мектеп бүтүрүүчүлөрү тегерек стол өткөрүштү, андан соң мектеп бүтүрүүчүлөрү МСМК базасы менен таанышышты.

Экскурсияда мугалимдер тарабынан визуалдык үлгүлүү манипуляциялар жасалган бөлмөлөр көрсөтүлдү, ал эми «Блауер Вестен» билим берүү программасына катышкан студенттер сөз сүйлөдү. Иш-чара абитуриенттерге заманбап окуу борборлору жана манипуляциялары менен таанышууга жана көрүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түздү. аларга биздин колледждин пайдасына тандоо жасоого мүмкүндүк берет


Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив