Новости

4-декабрь "Манас"эпосу күнү. Ага карата Майлуу-Суу медициналык колледжинде "МАНАС" эпосу-кыргыз тарыхынын көөнөрбөс булагы" аттуу адабий кече өткөрүлдү.

05 декабрь, 2022 0
+1
4-декабрь "Манас"эпосу күнүнө карата Майлуу-Суу медициналык колледжинде "МАНАС" эпосу-кыргыз тарыхынын көөнөрбөс булагы" аттуу  адабий кече өткөрүлдү. 4-декабрь "Манас" эпосу күнү.Бул күн "Манас"эпосун сактоо жана жайылтуу.Өлкөдө Манастаанууну өнүктүрүү, манасчыларга өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүү максатында 2015-жылы 27-апрелде №259 токтомунун негизинде кабыл алынган."Манас" эпосу- 4-декабрь күнү ЮНЕСКОнун шедеврлер тизмесине катталган.
"Манас" эпосу-кыргыз рухунун туу чокусу.Ч.Айтматов айткандай, эпос-кагазга, ташка же башка буюм-тайымга жазылып сакталбагандыгы менен айырмаланат.Анткени ал тике мээге жазылган, акыл-эстен акыл-эске көчүрүлгөн. Бул дүйнөнүн жети кереметинен кем калбаган кубулуш.Ал көлөмү жагынан 500553саптан турган дүйнө жүзүндөгү эң чоң поэма.
Адабий кечеде, "Манас"-эпосунан үзүндүлөр айтылды.Ыр-бийлер менен коштолду.Накыл кеп айтуу, "Манастын жети осуяты" айтылып, күүлөр чертилди.



























Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив