Новости

2023-жылдын 24-октябрында Майлуу-Суу шаарынын Маданият уйундо Майлуу шаарынын «Дарыгер иши», «Акушердик», «Медайымдар иши» адистиктери боюнча бүтүрүүчү тайпалар арасында «Боорукер жүрөктөрдүн кесиби» кесиптик сынагы болуп өттү.

26 октябрь, 2023 0
0
2023-жылдын 24-октябрында Майлуу-Суу шаарынын Маданият уйундо Майлуу шаарынын «Дарыгер иши», «Акушердик», «Медайымдар иши» адистиктери боюнча бүтүрүүчү тайпалар арасында «Боорукер  жүрөктөрдүн кесиби» кесиптик сынагы болуп өттү. .
Командалар 3 адамдан турган. 3 команда катышты:
Калыстар тобу 5 адамдан, клиникалык дисциплинанын окутуучуларынан турат.
Кесиптик сынактын алып баруучусу «Реабилитациянын негиздери» предметинин окутуучусу – Мунаков Д.Ж.
Сынак 4 турдан турду:
Конкурстун тартиби:
1. тур «Медициналык колледждин бүтүрүүчүсүнун кесибине ант берүү » - атаандаштын презентациясы (девиз, визиттик карточка). Ар бир катышуучунун сөз сүйлөөгө убактысы 3 мүнөт. 5 баллдык система менен бааланат.
Баалоо критерийлери:
- сөздүн мазмуну
- кесиптик этиканын жана маданиятынын принциптерин жана баалуулуктарын сактоо
-индивидуалдык
2. тур – дисциплиналар аралык тест: терапия, хирургия, педиатрия, акушерство, гинекология.
(Ар бири 20 суроо, 3 вариант)
3-тур Практикалык тур – кырдаалдык маселени чечүү, практикалык манипуляцияларды жасоо.
4-тур Үй тапшырма. "Өткөндү билүү келечек үчүн маанилүү"
Мелдештин жыйынтыгы:
1. «Мыкты фельдшер» - 4ЛД тайпасынын студенти  Сулайманова Мээрим ыйгарылды.
2. «Мыкты акушер »  -  3 СД  тайпасынын студенти Эрмаматова Урматайга ыйгарылды.
3. «Мыкты медайым» - 3АК тайпасынын студенти  Мекенова Гузеляга ыйгарылды
Мелдештин катышуучулары акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Паузалардын аралыгында: -  1АК тайпасынын  студенти Алтынбек кызы Гулкайыр
Көрүүчүлөр менен оюн ойнолуп, медициналык темада табышмактар берилип, туура тапкандар белектер менен сыйланышты.















Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив