Новости

Мар Байжиевдин “Адашкан адам” драмасы

12 октябрь, 2018 0
0

Мар Байжиевдин “Адашкан адам” драмасы.


      Майлуу-Суу медициналык колледжинин студенттери жана окутуучулар жамааты 8.10.2018- жылы Майлуу-Суу шаарынын маданият үйүндө коюлган Мар Байжиевдин «Адашкан адам» драмасын көрүштү.Драманын режиссер-коюучусу Кыргыз Республикасынын эл артисти Э.Бекболиев, кайра иштеп чыккан К.Арыкбаева. Театрдын көркөм жетекчиси-А.Абдивахитов.Театрдын директору-С.Берикбаев.  “Адашкан адам” драмасында турмуштан алынган көрүнүштөр чагылдырылган.Бир үй-бүлөнүн драмасы.Жаштарга тарбиялык жактан мааниси чоң.Драматург Мар Байжиев орду жоголбой турган чоң маселени жазган.Чыгармада үй-бүлөнүн бекемделишин максат кылгандыгы сүрөттөлөт.

     «Адашкан адам» драмасын көргөндөн кийинки МСМКнын студенттерине кандай таасир калтырганын,төмөнкү ой- толгоолорунан билсек болот.


                 II СД тайпасынын студенти Эркин кызы Алина:

       «Жаңылбас  жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт».Мураска калган көркөм сөз өнөрүбүздү да көрктөндүргөн».Мына ушул бир шиңгил сөздүн ичинде нечендеген ойлор,баа жеткис сыйкырдуумаани,жашоонун түпкүрүн айгинелеген терең табышмактардын жооптору бекитилген.

       Мен бул сөзгө таянып «Адашкан адам» драмасынын каарманынын жашоосун же болбосо али аяктала элек, эртеңи табышмак болгон өмүрүн, жаңылуулар менен өткөн өтмүшүн баса белгилегим келди.Тагдырдын,бул жалган дүйнөнүн баалуулуктарына,байлыкка,акчага, эң негизгиси жаштыктын,мастыктын курманы болгон башкы каарманыбыз 

өмүрдүн курманына айланды.Чыгармада башкы каарманыбыздын жубайы болсо:жашоону бекем кармаган,сүйүүнүн, чыныгы  бакыттын,баатыр энелик сапаттардын,сабырдуулуктун,сулуулуктун символу болуп элес

калтырды.Бир канаты жок балалыкты өткөргөн, жаштайынан нечендеген 

кыйынчылыктарды көргөн, жыл өтүп экинчи  канаты табылганда,биринчи канаты дүйнөдөн көз жумган балапандар. Каарманыбыздын уул-кызы чыныгы сабырдын,баа жеткис сүйүүнүн мөмөлөрү сыяктуу чагылдырылды.

Чыгарма кыска бирок ушунчалык нускалуу аткарылган.Бул чыгармадан бир гана тыянакка келүүгө болот: бул жашоодо,берилүүчү сыноолордо,чыныгы келечекке максат коюп,ар кандай жамандыктардан алыс болуп,бир сөз менен айтканда, дайыма “Жети өлчөп бир кесүү” керек экенин далилдеди.












IIIЛД тайпасынын студенти Жаныбекова Зуура Жаныбековна:

                                

  Бул турмушта адашкан адамдар көп эле кездешет. Кыргызда кеп бар эмеспи: “Жашоодо жакшы жашагың келсе,тарыхты оку”деген. Биз тарыхты окуп үйрөнүү менен,бизден мурункулардын каталарын кетирбей, жакшы жактарын алышыбыз керек. Бирок азыркы учурда китепке көп көңүл бурулбай калды,ошентсе да жаштардын кызыкчылыгын ойлоп, атайын драма даярдап, Майлуу-Суу шаарына коюп келген Барпы драма театрынын 

кызматкерлерине чоң ыраазычылык билдирем. Азыркы учурда интернеттен баарын көрүп, билип алабыз дегенибиз менен, драманы жандуу көргөн башкача сезимдерди калтырды. Ал жердеги актёрлордун сезимдери, “Апаа”- деп кыйкырган үндөр мени эле эмес залда олтурган баарын эле драмага кошуп алгандай болду. Ошондой эле бул драма жаштарга көп тарбиялык жактарын калтырды десем болот. Себеби залда олтургандар көбү эле жаштар, келечектеги үй-бүлө куруучулар болду. Алар үчүн үй-бүлө тууралуу, келечек тууралуу темалар жашоого үй-бүлөнү сактап калууга үндөйт. Бул драманы көргөн ар бир улан-кыз келечекте турмуш кургандан кийин жакшы жашап, сүйгөн жарын таштап кетпей, анын акыбети жаман болоору тууралуу ойлонду деп ойлойм. Ошондуктан драма коюучуларга жана ошол драманы көрүүгө шарт түзгөн МСМКнын окутуучуларына чоң ыраазычылыгымды билдирем.

                     

                       IСД1 тайпасынын студенти Узак кызы Чолпонай:

Биз бул драманы көргөндөн кийин ар-бирибизде эле кыжырдануу пайда болду. Балдарына мээрим төгө албаган,тарбия бере албаган атаны кечирүү кыйын. Бирок эненин айткан сөзүн жерге таштабай,үй-бүлөсүн таштаган атаны кечирүүнү чечтик.

   “Кекчил болбой,кечиримдүү бол”, “ Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт”-деп, илгертеден ата-бабаларыбыз айтып келген.

   Бул драманы көрүп, өзүмө сабак алып жана ошондой эле кечиримдүү болууну чечтим.


Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив