Новости

2026-жылдын 19-сентябрында Майлуу-Суу медициналык колледжинде республикалык ишембиликтин алкагында тазалыкты сактоо, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чара өткөрүлдү.

23 сентябрь, 2026 0
0
2026-жылдын 19-сентябрында Майлуу-Суу медициналык колледжинде республикалык ишембиликтин алкагында тазалыкты сактоо, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чара өткөрүлдү.
Ишембиликке колледждин студенттери жана кызматкерлери активдүү катышты. Студенттер өздөрүнө бекитилген окуу корпустарынын аймагында жана анын айланасында тазалык иштерин жүргүзүштү. Анын жүрүшүндө аймактар таштандылардан тазаланып, короолор иретке келтирилип, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иштер аткарылды.
Иш-чаранын негизги максаты — окуу жайдын аймагында тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу, айлана-чөйрөнү коргоо, жашыл аймактарды көбөйтүү жана студенттердин экологиялык маданиятын жогорулатуу.
Майлуу-Суу медициналык колледжинин жамааты «Жашыл мурас» акциясынын алкагында аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин улантууда.





Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив