Новости

2026-жылдын 21-сентябрында МСМКда жана студенттик жатаканада колледждин директору Батырбекова Зирехандын катышуусунда шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте коопсуздук боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.

23 сентябрь, 2026 0
0

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге жана колледждин кызматкерлерине өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, өрт коопсуздугун сактоо жана өзгөчө кырдаал учурунда туура аракеттенүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, колледжде жана жатаканада орнотулган өрт сигнализациялык системасынын иштөө тартиби жана аны колдонуу эрежелери менен катышуучулар тааныштырылды. Өрт же башка өзгөчө кырдаал жаралган учурда сигнализация берилгенде кандай аракеттерди көрүү, кабарлоо жана адамдарды коопсуз жерге эвакуациялоо тартиби көрсөтүлдү.
Иш-чара Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, студенттердин жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаал учурунда ыкчам аракеттенүү көндүмдөрүн жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив