Баткен окуяларында курман болгондорду эскеребиз
Баткен окуяларында курман болгондорду эскеребиз
18-сентябрь — Баткен жергесинде өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин бейпилдиги жана мекендин коопсуздугу үчүн курман болгон мекендештерди эскерүү күнү.
Ушул маанилүү күнгө карата Майлуу-Суу медициналык колледжинин 3-СД тайпасынын студенттери жана тайпа куратору Маатов Абдикамил Амитович Баткен окуяларында курман болгон мекендештерибиздин жаркын элесине таазим кылып, эскерүү иш-чарасына катышышты.
Эскерүү учурунда курман болгондордун эстелигине гүл чамбарларды коюп, мекен үчүн өмүрүн арнаган мекендештерибиздин эрдигин эскеришти. Мындай иш-чаралар жаш муундардын мекенчилдик сезимин калыптандырууга, тарыхты урматтоого жана тынчтыктын баалуулугун түшүнүүгө чоң мааниге ээ.
Баткен окуяларында курман болгондордун эрдиги — эл эсинде, жаркын элеси — жүрөгүбүздө. Алардын мекен үчүн жасаган эрдиги эч качан унутулбайт.





- 15-февралда Афганистан мамлекетинен советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 37 -жылдыгына арналган салттуу иш-чара болуп өттү.
- Майлуусуу медициналык колледжинин студенттери Баткен коогаланга арналган митингке активдүү катышышты.
- 2024-жылдын 18-сентябрында «Эрдик» скверинде Баткен согушуна катышкан жоокерлерди эскерүү митинги болуп өттү. Иш-чарага МСМКнын окутуучулары жана студенттери катышышты.
- Баткен согушунда катышкан жоокерлерди эскерүү күнүнүн 22 жылдыгы.
- Баткен согушунда катышкан жоокерлерди эскерүү күнүнүн 21жылдыгы