Новости

Медициналык колледжде 20–23-апрель күндөрү Ачык эшиктер күндөрү жогорку деңгээлде жана кызыктуу форматта өткөрүлдү. Бул күндөрү шаардагы мектептердин окуучулары колледжге келип, болочок кесибин тандоого багыт алышты.

27 апрель, 2026 0
0

Коноктор үчүн мазмундуу экскурсиялар уюштурулуп, алар окуу аудиторияларын, тренажердук центрлерди  жана материалдык-техникалык базаны өз көзү менен көрүп, медициналык жабдуулар менен жакындан таанышышты. Айрым окуучулар практикалык элементтерге да катышып, медицина тармагына болгон кызыгуусун арттыра алышты.
Ошондой эле окутуучулар тарабынан адистиктер, окуу процесси, студенттик жашоо жана кабыл алуу тартиби тууралуу кеңири жана жеткиликтүү маалыматтар берилди. Жандуу баарлашуу форматында өткөн жолугушууларда окуучулар өз суроолоруна толук жооп алып, келечектеги кесип тандоодо маанилүү багыт алышты.
Ачык эшиктер күндөрү окуучулар үчүн пайдалуу гана болбостон, шыктандыруучу жана эсте каларлык иш-чара болуп калды.

Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив