Новости

Майлуу-Суу медициналык колледждин деңгээлинде Нооруз майрамына карата иш-чара уюштурулуп, "Нооруз-жаз майрамы!" аттуу ачык куратордук саат өтүлдү. Уюштуруучулар IАК тайпасы жана куратору Аттакурова А.С.

22 март, 2023 0
0

Майлуу-Суу медициналык колледждин деңгээлинде Нооруз майрамына карата иш-чара уюштурулуп,

"Нооруз-жаз майрамы!" аттуу ачык куратордук саат өтүлдү. Уюштуруучу IАК тайпасы.

Куратору Аттакурова А.С.

Сабак Умай эненин "Алас-алас» айтуусу менен башталып, тилек тиленип, ак бата берүү менен башталды. Кыргыздын

"Кыз узатуу" салты көрсөтүлүп, ыр-бийлер менен коштолду. Студенттер "Манас" айтышып,

комузда күү чертип, ооз комузда ойношту, кыргыз бийлерин чебер аткарышып, ырларын ырдап, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

"Нооруз"- жаңылануунун майрамы катары жаз мезгилине туура келиши да өзгөчө бир касиет.

"Жер жарылып,көк чыгып,

Желин айрылып, сүт чыгып" демекчи, студенттер кыргыздын улуттук даамдарын: сүмөлөк, боорсок, чакчакей, курут, сары май, ошондой эле суусундуктарын-кымыз,

эзме курут,чалап, айрандарын жасашты.

Нооруз майрамыңыздар кут болсун! Элибизде ар дайым ынтымак, жергебизде тынчтык болсун! Бул улуу күнү үйүңүздөргө кут конуп, аруу тилектериңиз кабыл болсун!






























Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив