Новости

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгы боюнча Майлуу-Суу медициналык колледжинин иш-чаралар планы

30 апрель, 2021 0
+1


Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы 

«Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгы боюнча Майлуу-Суу медициналык колледжинин

иш-чаралар планы

Иш-чаралар планы   

Аткаруу мөөнөтү

Аткаруучулар

Аткарылды

1

«Инсандын руханий адеп-ахлак- тык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” иш-чаралар планын түзүү жана бекитүү

27.02.2021.

Исабекова Г.М.


2

Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы боюнча дайыма :

-Саламдашуу адеби;

-Сүйлөө адеби;

-Сабакта жана коомдук жайда уюлдук телефонду колдонуу адеби;

-Өздүк гигиена ;

-Окуу жайда Устав боюнча бекитилген форманы кийүү;

-Окуу жайга  жана  коомдук жайларда кийинүү адеби. 


Дайыма

Профком

Кураторлор

Староста 


3

Коомдук жайларда жана окуу жайда тазалыкка жана адептүүлүккө үндөгөн акцияларды уюштуруу:

-ар күнү сабактан кийин окуу каанасын жууп-тазалоо;

-ар жума сайын ишембилик өткөрүү;

-3 айлык ишембиликке катышуу;

-окуу кааналарын жашылдандыруу жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү.

-Жатаканада бөлмөлөрдү тазалоо, жашылдандыруу жана ишембиликтерди уюштуруу

График боюнча 

   Бөлүм башчы

Кураторлор

Староста









      Тарбиячы

     Комендант 


4

Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы боюнча эмгекке шыктандыруу, активдүү жашоо жана кесиптик позицияны ,табиятка этият мамиле кылууну калыптандыруу боюнча куратордук сааттарды өтүү .

Расписание боюнча

Бөлүм башчы

Кураторлор



5

Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы боюнча тарбиялык мааниси зор макалдарды жана учкул сөздөрдү окуу кааналарына жана көрүнө жерлерге илүү.

Жыл ичинде

Исабекова Г.М.

Маатов А.А.

Набиев М.Б.

Окутуучулар

Тарбиячы


6

Жаштар жана өспүрүмдөр арасында Интернет жана социалдык тармактарды максаттуу пайдаланууга үндөө жана тарбиялык терс таасирлүү кинофильмдерди , ар түрдүү мазмундагы окуяларды көрүүнүн терс таасирин түшүндүрүү боюнча иш алып баруу. 

Дайыма 

Исабекова Г.М.

Маатов А.А.

Кураторлор

Тарбиячы

Этика комиссиясы



7

Китеп оку, окурман . Окуу жумалыктарын уюштуруу.

График боюнча 

Бөлүм башчы

Китепканачы 

Кураторлор

Тарбиячы



8

Сабактарда этика,эстетика жана деонтология боюнча тарбия берүү.

Расписание боюнча 

Предметтик окутуучулар



9

Ар бир жарандын чыгармачыл жөндөмдөрүн  ачуу жана өнүктүрүү, эмгекке тарбиялоо боюнча предметтик ийримдердин иштөөсүн жандандыруу.

График боюнча

Жакыбова Б.А.

Предметтик окутуучулар



10

Башка өлкөлөрдө жана шаарларда эмгектенип жүргөн мигранттардын айылда, шаарда калган балдарына туугандарынын мамилесине,

тарбиясына,окуусуна көңүл бурууну күчөтүү.

Дайыма 

Исабекова Г.М.

Адрешова Д.И.

Маатов А.А.

Профком 

Кураторлор

Тарбиячы

Этика комиссиясы



11

Адамдарга кичи пейилдүүлүк, табиятка акылдуулук менен аяр мамиле жасоого багытталган тарбиялык жана ачык сабактарды өтүү.

Расписание боюнча

Травкина А.Д.

Исабекова Г.М.

Кураторлор

Окутуучулар


12

Окуу жайдын окутуучулары,кызматкерлери, жаштар, өспүрүмдөр арасында “Маданияттуу мамиле күнү”, “Сылыктык,кичи пейилдүүлүк күнү” аттуу жумалыктарды уюштуруу.

Жыл ичинде

Исабекова Г.М.

Маатов А.А 

Профком Тарбиячы

Этика комиссиясы



13

Улууну урматтоо,кичүүнү ызаттоо максатында “Туулган жерим менен сыймыктанам”, “Менин айылым” аттуу туулган жердин асылдыгын, өзгөчө жайлары,эмгеги сиңген белгилүү инсандарын сыймыктануу менен даңазалоо иш-чараларын уюштуруу.

Жыл ичинде

Исабекова Г.М.

Маатов А.А 

Профком Тарбиячы

Кураторлор


14

Адеп тарбиясына-эмгекке,коомдук мүлккө туура мамиле жасоо, достук,чынчылдык жана ар ким өз жүрүм-турумуна сын көз менен кароого багытталган иш-чараларды уюштуруп өткөрүү.

Жыл ичинде

Исабекова Г.М.

Профком Тарбиячы

Кураторлор

Этика комиссиясы



15

Студенттердин гигиенасына, тамактануу жана ден-соолук режимине өзгөчө көңүл буруу.

Дайыма 

Маатов А.А.

Профком 

Тарбиячы

Кураторлор



             Майлуу-Суу медициналык колледжинин администрациясы 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө” 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ №1 Жарлыгынын  аткарылышы боюнча 2021-жылдын 1кварталына карата аткарылган иш-чаралар тууралуу маалымдайт.

«Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” иш-чаралар планын түзүлүп бекитилди.

Студенттер  арасында администрация жана кураторлор тарабынан окуу жайда Устав боюнча бекитилген форманы кийүү;сабакта жана коомдук жайда уюлдук телефонду колдонуу адеби,окуу кааналарын жашылдандыруу жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Өзгөчө азыркы өлкөдөгү абалга байланыштуу Алгоритм боюнча иш алып барылып,өздүк гигиенага катуу көңүл бурулууда. Студенттердин гигиенасына, тамактануу жана ден-соолук режимине өзгөчө көңүл бурулуп,бардык шарттар түзүлүп берилди.

            Коомдук жайларда жана окуу жайда тазалыкка жана адептүүлүккө үндөгөн акциялар уюштурулуп, 3 айлык ишембиликке катышуу, ар жума сайын ишембилик өткөрүлүп, ар күнү сабактан кийин окуу кааналарын жууп-тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Жатаканада бөлмөлөрдү тазалоо, жашылдандыруу жана ишембиликтерди уюштуруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.Студенттерге нөөмөтчү окутуучулар адеп, тарбия тууралуу лекцияларды окуп жатышат.Этика комиссиясынын төрайымы Аширалиева Г.М. “Адептүүлүк,тарбия,тазалык “тууралуу аңгемелешүү өткөрдү. 

Медициналык этика  жана деонтология , Культурология боюнча сабактарда кесиптик тарбия берүү тууралуу лекциялар окулду.

Кураторлор өз тайпаларында студенттердин жашоо турмушу тууралуу маалыматтарды такташып,акт тузүштү.  Башка өлкөлөрдө жана шаарларда эмгектенип жүргөн мигранттардын айылда, шаарда калган балдарына туугандарынын мамилесине,тарбиясына,окуусуна көңүл бурууну күчөтүштү.

5-март Ак калпак күнү 2ЛД тайпасына куратор Жакыбова Б.А. “Ак калпак –улут сыймыгы “деген темада ачык куратордук саат өттү. Анда студенттерга калпак кийүүнүн мааниси тууралуу маалыматтар берилип, руханий дүйнөсүнө азык катары улуттук баш кийимдин баалуулугун түшүндүрдү.

21-февраль Эл аралык Эне тил күнү; 

3-март КРнын мамлекеттик Туу күнү;

5-март Ак калпак күнү; 

8-март Аялдардын эл аралык күнү; 

17-март Аксы окуясы ;

21-март Нооруз майрамына карата куратордук сааттар өтүлдү.Дубал газеталар чыгарылды. Видеослайддар жасалды.

21-март Нооруз майрамында студенттер маданият үйүндө уюштурулган майрамдык кечеге катышышып,улуттук баалуулуктар-каада-салттарды көрүшүп, Кыргыз жери,кыргыз эли, ынтымак тууралуу ырларды ырдашты. 3СД2 тайпасынын студенти Мавлянова А. “Ак бата”, “Жаз жамгыры” жана 1АК2 тайпасынын студенттериМамашарип к.Н.“Мен кыргызмын”, Юнусова Э.комузда күү чертип , “Жылкычынын ыры” ырларын тартуулашты.

21-март Нооруз майрамында “Сениор” кол күрөш боюнча 1Стом тайпасынын студенттери Карачалов Т 1-орунду , Абдикарим у А. 2-орунду ээлешти жана шаардык мэриянын грамотасы  жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.



             Майлуу-Суу медициналык колледжинин администрациясы 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө” 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ №1 Жарлыгынын  аткарылышы боюнча 2021-жылдын Апрель айына карата аткарылган иш-чаралар тууралуу маалымдайт.

  • Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү , санитардык тазалоо боюнча жарыяланган 3айлык жүргүзүлүп жатат.  Бөлүнгөн аймактарда ар жума сайын тазалоо, ишембилик өткөрүлүп, дарактарды жана бордюрларды, парк ичиндеги дарактарды актоо иштери аткарылды.
  • 9-Май Улуу Жеңиштин урматына 12-25-апрельСпорт декадасы башталды..

Декадага1,2,3курстун тайпалары катышышты.Спорттун волейбол,футбол, шахмат жана шашки боюнча мелдештер уюштурулду.

Волейбол боюнча мелдеш жыйынтыкталып:   

1-орун-3СД1;

                      2-орун-1АК1;

3-орун 1ЛД1тайпалары татыктуу болушту.

26-апрелден футбол боюнча мелдеш башталды.











    Этика, эстетика жана деонтология боюнча жана окуу жайда , коомдук жайларда  кийинүү ,уюлдук телефонду колдоуу адеби тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жанакуратордук сааттар өтүлдү.

        Жатаканада бөлмөлөрдү тазалоо, жашылдандыруу жана ишембиликтерди уюштуруу

           боюнча иштер аткарылды. Дарактар акталды. 

              Ар бир жарандын чыгармачыл жөндөмдөрүн  ачуу жана өнүктүрүү, эмгекке тарбиялоо

           боюнча расписание боюнча предметтик ийримдердин чогулушу өткөрүлдү.

              Кыргызстан тарыхы сабагынан эмгеги сиңген белгилүү инсандар жана Советтер

              Союзунун Баатырлары,Социалисттик эмгектин Баатырлары жана согуш ардагерлери

              тууралуу студенттер өз алдынча иштерди аткарышты.



Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив