Новости

29-март күнү МСМКнин студенттери менен Садыков Рысбай Капарович - Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасынын улук тергөөчүсү тарабынан уюштурулган “Кылмыш-жаза мыйзамы, анын максаттары, милдеттери жана принциптери» темасында жолугушуу өттү.

01 апрель, 2022 0
0


29-март күнү МСМКнин студенттери менен Садыков Рысбай Капарович -  Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасынын улук тергөөчүсү тарабынан уюштурулган Кылмыш-жаза мыйзамы, анын максаттары, милдеттери жана принциптери» темасында  жолугушуу өттү.

Жалпысынан чогулушка кезеги менен - 120 адам катышты (6 тайпа).  

Үй – бүлөлүк зордук- зомбулук, рекетчилик, бирөөнүн өмүрүнө зыян келтирүү темада тартылган видеороликтер көрсөтулдү.





Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси

2021-жылдын 28-октябры № 127

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамы менен колдонууга киргизилет)

ЖАЛПЫ БӨЛҮК

28-берене. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуу курагы

1. Кылмыш жасаганга чейин жашы он алтыга толгон адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

2. Кылмыш жасаганга чейин жашы он төрткө толгон бала адамды өлтүрүү (122-берене), ден соолукка оор залал келтирүү (130-берене), ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү (131-берене), зордуктоо (154-берене), сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер (155-берене), адамды уурдоо (165-берене), адамдарды соодалоо (166-берене), уурдоо (205-берене), тоноо (206-берене), каракчылык (207-берене), опузалап талап кылуу (208-берене), автомототранспорт каражатын айдай качуу (211-берене), башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу (216-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү), террордук актысы (252-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү), барымтага алуу (257-берене), атуучу куралды уурдоо же опузалап алып коюу (271-берене), бейбаштык (280-берененин 2-бөлүгү), баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо (282-берене), баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу (286-берене), транспорт каражаттарын же каттоо жолдорун жараксыз абалга келтирүү (314-берене) үчүн ушул Кодекске ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР

19-глава. Өмүргө каршы кылмыштар

122-берене. Адам өлтүрүү

1. Адам өлтүрүү - башка кишинин өмүрүн кыюу, -

сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Адам өлтүрүү:

1) эки же андан ашык адамды;

2) кош бойлуу аялды;

3) алсыз абалдагы адамды же баланы;

4) ошол адам тарабынан кызматтык, кесиптик ишти жүзөгө ашыргандыгына же коомдук милдетин аткаргандыгына байланыштуу адамды же анын жакындарын;

5) бейбаштык максатта;

6) көп адамдардын өмүрү үчүн коркунуч келтирүүчү ыкма менен жасалган;

7) өзгөчө мыкаачылык менен;

8) зордуктоо же башка формалардагы зомбулук менен жыныстык кумарын кандыруу менен коштолгон;

9) адам уурдоо же болбосо барымтага алуу менен коштолгон;

10) каракчылык, опузалап талап кылуу же террордук акт менен коштолгон;

11) расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык касташуунун (араздашуунун) негизинде жасалган;

12) пайда көздөө максатында же жалдоо менен;

13) жабырлануучунун органын же ткандарын алуу максатында;

14) башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү үчүн;

15) адамдардын тобу тарабынан жасалган;

16) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган;

17) уюшкан топ тарабынан жасалган;

18) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалган, -

мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

20-глава. Ден соолукка каршы кылмыштар

130-берене. Ден соолукка оор залал келтирүү

1. Зыян келтирүү убагында өмүргө коркунучтуу болгон денеге залал келтирүү түрүндөгү ден соолукка оор залал келтирүү же көрүү, сүйлөө, угуу же кайсы бир органын жоготууга, же болбосо органдын аткаруучу функцияларын жоготууга алып келген ден соолукка залал келтирүү, эмгекке жөндөмдүүлүгүн кеминде үчтөн бирин туруктуу жоготууга, же болбосо билип туруп кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн толук жоготуу менен байланышкан психикалык ооруга же ден соолугунун башка бузулуусуна алып келүү же болбосо адамдын бетине кетпес так салуу, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) үй-бүлө мүчөсүнө карата;

2) эки же андан көп адамга карата;

3) кош бойлуу абалдагы аялга карата;

4) алсыз абалдагы адамга же балага карата;

5) адамдын кызматтык, кесиптик ишин жүзөгө ашыруусуна же коомдук милдетин аткаруусуна байланыштуу ошол адамга же анын жакындарына карата;

6) расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактар аралык касташуунун (арздашуунун) негизинде;

7) адамды уурдоо же барымтага алуу менен;

8) каракчылык же опузалап талап кылуу менен;

9) зордуктоо же башка формадагы зомбулук менен жыныстык кумарын кандыруу менен;

10) өзгөчө мыкаачылык менен;

11) башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү максатында;

12) бейбаштык максатта;

13) пайда көздөө максатында же жалдоо аркылуу;

14) жабырлануучунун органын же ткандарын алуу максатында;

15) адамдардын тобу тарабынан;

16) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, анын ичинде өзүн-өзү өлтүрүүнүн натыйжасында же болбосо эки же андан көп адамдын өлүмүнө (өзгөчө оор залал) алып келсе;

2) ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган эки же андан көп оордотуучу жагдайлардын жыйындысында жасалса;

3) уюшкан топ тарабынан жасалса;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса, -

сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

131-берене. Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү

1. Өмүргө коркунуч келтирбеген жана ушул Кодекстин 130-беренесинде каралган кесепеттерге алып келбеген, бирок ден соолуктун узакка начарлашына же жалпы эмгекке жарамдуулугунун үчтөн бирине чейин олуттуу түрдө туруктуу жоготууга алып келген ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) эки же андан көп адамдарга карата;

2) билип туруп күнөөлүүнүн алсыз абалдагы адамга карата;

3) бейбаштыктан улам,

4) өзгөчө мыкаачылык мекен;

5) адамдардын тобу тарабынан;

6) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) адамдын кызматтык, кесиптик ишин же коомдук милдетин аткаруусуна байланыштуу ошол адамга же анын жакындарына карата;

2) ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган эки же андан көп оордотуучу жагдайлардын жыйындысында жасалса;

3) уюшкан топ тарабынан;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

23-глава. Жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар

154-берене. Зордуктоо

1. Зордуктоо, башкача айтканда жабырлануучуга же башка адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунучтуу болбогон зомбулукту жасоо менен же аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жыныстык катнашуу, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун:

1) адамдардын тобу тарабынан жасалган;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган;

3) өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу коркунучу менен коштолгон;

4) жабырлануучуга же анын жакындарына карата өзгөчө мыкаачылык менен жасалган, -

сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) кош бойлуулукка алып келсе;

2) он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балага карата жасалса;

3) уюшкан топ тарабынан жасалса;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса;

5) этиятсыздыктан оор залал келтирсе, -

он бир жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар он төрт жашка толо элек балага карата жасалса, -

он беш жылга эркиндигинен ажыратууга же болбосо эркиндигинен өмүр бою ажыратууга жазаланат.

155-берене. Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер

1. Жабырлануучунун же башка адамдын өмүрүнө же ден соолукка коркунучтуу болбогон зомбулукту жасоо менен же аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жасалган бачабаздык, лесбияндык же ыплас формадагы сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттер, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан жасалган;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган;

3) өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү коркунучу менен коштолгон;

4) жабырлануучуга же башка адамдарга карата өзгөчө мыкаачылык менен жасалган, -

сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) этиятсыздыктан оор залал келтирүү менен;

2) он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балага карата;

3) уюшкан топ тарабынан;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

он бир жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар он төрт жашка толо элек балага карата жасалса, -

он беш жылга эркиндигинен ажыратууга же болбосо өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

25-глава. Адамдын жеке эркиндигине каршы кылмыштар

165-берене. Адамды уурдоо

1. Ушул Кодекстин 257-беренесинде каралган кылмыштын белгилери болбогондо, анын туруктуу же убактылуу турган жеринен айырмаланган жерге андан ары кармоо менен коштолгон колго түшүрүү, алдоо же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же мындай зомбулукту кылам деп коркутуу менен жасалган адамды анын эркине карап уурдоо, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) эки же андан көп адамдарга карата;

2) балага карата;

3) кош бойлуу аялга карата;

4) трансплантация үчүн адамдын органдарын же ткандарын алуу максатында;

5) трансплантация үчүн өлгөн адамдын органдарын же ткандарын алуу максатында,

6) төлөм алуу же болбосо башка жеке кызыкчылык максатында;

7) адамдардын тобу тарабынан;

8) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

9) этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө же 2-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган жосундар, эгерде күнөөлүү адам уурдалган адамды өз ыктыяры менен бошотсо, -

жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) он төрт жашка толо элек балага карата;

2) өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен;

3) куралды же курал катары колдонулуучу буюмдарды колдонуу менен;

4) өзгөчө оор залал келтирүү менен;

5) уюшкан топ тарабынан;

6) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

166-берене. Адамдарды соодалоо

1. Адамдарды соодалоо, башкача айтканда, коркутуу, күч колдонуу же башка формадагы мажбурлоо, шантаж, уурдоо, алдамчылык, алдоо, жолу менен эксплуатациялоо максатында адамды макулдугу менен же макулдугу жок азгырып жалдоо, ташып жеткирүү, жаап-жашыруу, кабыл алуу же өткөрүп берүү, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон үч жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун;

1) эки же андан көл адамдарга карата;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) кызмат абалынан пайдалануу менен;

5) жабырлануучуну Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөрүү же аны чет жерде мыйзамсыз кармап туруу менен;

6) күнөөлүү адамга материалдык же башкача көз каранды болгон адамга карата жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун;

1) кош бойлуу аялга карата;

2) трансплантациялоо үчүн адамдан же өлгөн адамдан органдарын же ткандарын алуу максатында;

3) этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен;

4) уюшкан топ тарабынан;

5) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Баланы анын макулдугу менен же макулдугусуз, күч же мажбурлоонун, шантаждын, уурдоонун, алдамчылыктын, алдоонун башка формаларындагы колдонбостон эксплуатациялоо максатында азгыруу, ташып жеткирүү, жаап-жашыруу, кабыл алуу же өткөрүп берүү, -

беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү: Азгыруу деп кандайдыр-бир иштерди аткаруу, жалдоочунун же башка адамдардын кызыкчылыктарында кызмат көрсөтүү үчүн материалдык сый акыга издөө, тандап алуу, кабыл алуу жана жалдоо боюнча жеке же юридикалык жактардын иши түшүнүлөт.

Эксплуатациялоо деп адамды сойкулукка же сексуалдык эксплуатациялоонун башка формаларына, иштетүүгө же кызмат көрсөтүүгө мажбурлоо, кулчулукка, куралдуу жаңжалдарга катышууга, анын ичинде карыздык милдеттенмелерди, материалдык жана башка көз карандылыкты, ошондой эле алардын жалданма абалын пайдалануу аркылуу ишке тартуусу түшүнүлөт.

Адамдарды соодалоонун курмандыгы болгон адам адамдарды соодалоо процессине тартылышынын натыйжасында мындай аракетке барган болсо, коркунучтуулугу аз же анча оор эмес жосун жасагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

VII БӨЛҮМ. МЕНЧИККЕ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТИ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР

28-глава. Менчикке каршы кылмыштар

205-берене. Уурдоо

1. Уурдоо, башкача айтканда олуттуу эмес өлчөмдө бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдоо, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге тартууга жазаланат.

2. Олуттуу өлчөмдө жасалган ошол эле жосун, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) ири өлчөмдө;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) турак жайга, кызматтык же башка жайга, же болбосо транспорт каражатына кирүү менен;

5) банктык эсептен, ошого тете электрондук акча каражаттарына тиешелүү (алдамчылык белгилери жок болгон шартта);

6) маалымат тутумуна мыйзамсыз кирүү же болбосо телекоммуникация тармактары боюнча берилүүчү маалыматты өзгөртүү жолу менен, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 2 же 3-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) уюшкан топ тарабынан;

3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

206-берене. Тоноо

1. Тоноо, башкача айтканда башка бирөөнүн мүлкүн ачыктан-ачык ээлеп алуу, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) олуттуу өлчөмдө;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) ири өлчөмдө;

2) турак жайга кирүү менен;

3) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) уюшкан топ тарабынан;

3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

207-берене. Каракчылык

1. Каракчылык, башкача айтканда башка бирөөнүн мүлкүн алып алуу максатында өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу менен, же болбосо ушундай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен кол салуу, -

эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

1. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) ири өлчөмдөгү мүлктү ээлеп калуу максатында;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү ээлеп калуу максатында;

2) турак жайга кирүү менен;

3) куралды же курал катары колдонулуучу буюмдарды колдонуу менен;

4) этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен, -

мүлкүн конфискациялоо менен жети жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) уюшкан топ тарабынан;

2) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен он бир жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

208-берене. Опузалап талап кылуу

1. Жабырлануучунун, же анын жакындарынын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу же шантаж кылуу менен, бирөөнүн мүлкүн, мүлккө болгон укукту өткөрүп берүүнү же мүлктүк мүнөздөгү аракеттерди жасоо менен опузалап талап кылуу, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) ири өлчөмдөгү мүлктү алуу максатында, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен;

2) өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү алуу максатында, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 жана 3- бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) уюшкан топ тарабынан;

2) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

211-берене. Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу

1. Уурдоо (айдап качуу) максатын көздөбөстөн автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укук ченемсиз ээлеп алуу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен, же болбосо мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен;

2) өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу менен же болбосо мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен;

3) уюшкан топ тарабынан;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

216-берене. Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу

1. Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же олуттуу зыян келтирүү менен бузуу, ошого тете мамлекеттин коргоосуна алынган тарыхый же маданий эстеликти же жаратылыш объектисин жок кылуу же бузуу, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар өрттөө же жалпыга коркунучтуу ыкма менен жасалса же ири өлчөмдө зыян келтирсе, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар өзгөчө ири зыян келтирсе, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

VIII БӨЛҮМ. КООМДУК КООПСУЗДУККА ЖАНА КООМДУК ТАРТИПКЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР

33-глава. Коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар

252-берене. Террордук акт

1. Террордук акт жасайм деп коркутуу, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Террордук актыны, башкача айтканда адамдарга өлүм коркунучун жаратуучу, же болбосо башка оор кесепеттердин пайда болушуна алып келген, калкты коркутуу, коомдук коопсуздукту бузуу же бийлик органдары же болбосо эл аралык уюмдар чечимдерди кабыл алуусуна таасир этүү максатында жардырууну, өрттөөнү же башка аракеттерди жасоо, -

мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) ок атуучу куралды, ок-дарыларды, жардыруучу түзүлүштөрдү, уулуу, ууландыруучу, радиоактивдүү заттарды же ядролук, химиялык, биологиялык жана массалык кыргын салуучу куралдын башка түрлөрүн колдонуу менен;

4) стратегиялык объекттерге карата;

5) оор же өзгөчө оор залал келтирүү менен;

6) уюшкан топ тарабынан;

5) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга, же болбосо эркиндигинен өмүр бою ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Террордук актыны даярдоого катышкан адам, эгерде ал бийлик органдарына өз убагында эскертүү менен же башка ыкмалар менен террордук актыны болтурбоого көмөктөшсө, ушул беренеде каралган жосундар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

257-берене. Барымтага алуу

1. Барымтадагы адамды бошотуунун түздөн-түз же кыйыр шарты катары мамлекетти, эл аралык уюмду, юридикалык же жеке жакты (жактардын тобун) кандайдыр бир аракетти жасоого же аны жасабоого мажбурлоо максатында адамды барымтага алуу же кармап туруу, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) өмүр жана ден соолук үчүн коркунучтуу зомбулукту колдоном деп коркутуу менен;

4) куралды же курал катары колдонулуучу башка буюмдарды колдонуу менен;

5) эки же андан көп адамга карата;

6) балага карата;

7) кош бойлуу аялга карата;

8) пайда көздөө менен же жалдануу менен, -

мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар:

1) этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирген;

2) уюшкан топ тарабынан;

3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар, эгерде күнөөлүү адам барымтадагы адамды (барымтадагы адамдарды) ыктыярдуу бошотсо, -

беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

271-берене. Атуучу куралды уурдоо же опузалап алып коюу

1. Атуучу куралды, ок-дарыларды же жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап алып коюу, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосун:

1) атуучу курал, ок-дарылар же жарылуучу заттар кызматтык абалына байланыштуу ишенип берилген же кайтарууга берилген адам тарабынан;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) өмүргө же ден соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтүү менен;

5) уюшкан топ тарабынан;

6) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

280-берене. Бейбаштык

1. Бейбаштык, башкача айтканда зомбулук кылуу, же болбосо аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо кара ниеттиги менен айырмаланган орунсуз аракеттерди жасоо, башкача айтканда башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу менен коштолгон, же өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу эмес зомбулукту колдонуу, же аны колдоном деп коркутуу менен коштолгон коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин атайылап бузган аракеттер, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салуу же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган бейбаштык:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) адамдардын тобу же алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) ок атуучу, газ-травмалык куралдарды, бычактарды, кастеттерди жана башка дүрмөтсүз куралдарды, же болбосо ден соолукка залал келтирүү үчүн атайын ылайыкташтырылган башка каражаттарды колдонуу же колдонуу аракети менен;

4) бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү менен;

5) аба, суу, деңиз кемесинин, темир жол транспортунун бортунда жасалса, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

36-глава. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар

282-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо

1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же сатып өткөрүү, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) ири өлчөмдө, -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар, ошого тете баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун балага сатуу, -

мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул берене боюнча, ошондой эле ушул Кодекстин башка беренелери боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн мааниге ээ болгон баңгизаттардын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун тизмеси, ошондой эле алардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

Ушул беренеде каралган кылмышты жасаган адам баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун ыктыярдуу өткөрүп берсе жана баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын бетин ачууга же аларды болтурбоого, аларды жасаган адамдардын бетин ачууга, кылмыштык жол менен алынган мүлктү табууга көмөк көрсөтсө, ушул беренеде каралган жосундар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

Адамды кармаганда, ошондой эле аларды табуу жана алып коюу боюнча тергөө амалдары жасалганда баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун өткөрүп берүү ыктыярдуу деп таанылбайт.

314-берене. Транспорт каражаттарын же каттоо жолдорун жараксыз абалга келтирүү

1. Этиятсыздыктан олуттуу залал келтирүү менен транспорт каражаттарын, каттоо жолдорун, сигнал берүү же байланыш каражаттарын, же болбосо башка транспорттук жабдууларды бузуу, талкалоо же башка ыкма менен пайдаланууга жараксыз абалга келтирүү, ошого тете транспорт коммуникацияларына бөгөт коюу, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.































Ошондой эле Майлуу-Суу шаардык прокуратурасынын улук тергөөчүсү Р.Садыков, ХIV БӨЛҮМ


КЫЛМЫШ-ЖАЗА СОТ ӨНДҮРҮШҮНҮН ӨЗГӨЧӨ ТАРТИБИ


54-глава. Мыйзам менен чатагы бар балдардын жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тартибинде көрсөтүлгөн беренелерин түшүндүрүп окуучуларга айтып кетти.



КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЛМЫШ-ЖАЗА ПРОЦЕССУАЛДЫК КОДЕКСИ


2021-жылдын 28-октябры № 129

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамы менен колдонууга киргизилди)

ХIV БӨЛҮМ


КЫЛМЫШ-ЖАЗА СОТ ӨНДҮРҮШҮНҮН ӨЗГӨЧӨ ТАРТИБИ


54-глава. Мыйзам менен чатагы бар балдардын жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тартиби


457-берене. Мыйзам менен чатагы бар балдардын жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тартиби


1. Бул главанын жоболору кылмыш жасаган учурда 18 жашка толо элек балдардын кылмыштары жөнүндө иштер боюнча колдонулат.

2. Мыйзам менен чатагы бар балдардын жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тартиби ушул Кодекстин жалпы эрежелери, ошондой эле ушул главанын беренелери менен аныкталат. Мыйзам менен чатагы бар балдарга карата иштер боюнча адистештирилген прокурордун, тергөөчүнүн, судьянын жана балдардын иштери боюнча адвокаттын, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жабырлануучунун жана күбөлөрдүн катышуусу милдеттүү болуп саналат.


458-берене. Балдардын кылмыштары жөнүндө иштер боюнча белгиленүүгө тийиш болгон жагдайлар


1. Ушул Кодекстин 81-беренесинде саналган жагдайларды далилдөө менен катар балдар жасаган кылмыштар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштө жана соттук териштирүүдө төмөнкүлөр аныкталышы керек:

1) баланын курагы (туулган күнү, айы, жылы);

2) баланын жашоо жана тарбиялануу шарттары;

3) интеллектуалдык, эрктик жана психикалык өнүгүү даражасы, мүнөзүнүн жана темпераментинин өзгөчөлүктөрү, керектөөлөрү жана кызыкчылыктары;

4) балага чоң адамдардын жана кошо катышуучулардын таасиринин болушу же жоктугу.

2. Баланын жан-дүйнө оорусуна байланышпаган, акыл-эсинин өнүгүшү артта калганы жөнүндө күбөлөндүргөн маалыматтар болгондо, бала өзүнүн коомдук кооптуу аракетинин маанисин толук түрдө түшүнө ала тургандыгы же аны башкара ала тургандыгы да аныкталат.

3. Бул жагдайларды аныктоо үчүн баланын ата-энеси, педагогдор, тарбиячылар жана башка керектүү маалыматтарды бере ала турган адамдар суракка алынышы мүмкүн, ошондой эле керектүү документтер талап кылынат, башка тергөө жана соттук аракеттери жүргүзүлөт.

4. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери баланын жашоо-турмуш кырдаалына баа берет жана талдоо жүргүзөт, анын жыйынтыгы боюнча корутунду түзөт жана  тергөөчүнүн жана соттун кароосуна берет.


459-берене. Балага карата ишти өзүнчө өндүрүшкө бөлүү


Чоңдор менен кошо кылмыш жасоого катышкан балага карата иш ушул Кодекстин 142-беренесинде белгиленген тартипте өзүнчө өндүрүшкө бөлүнөт. Эгерде ишти өзүнчө өндүрүшкө бөлүү мүмкүн болбосо, чоңдор менен кошо бир иш боюнча жоопкерчиликке тартылган балага ушул главанын эрежелери колдонулат.


460-берене. Баланы кармоо жана ага карата бөгөт коюу чарасын колдонуу


1. Баланы кармоо жана ага карата камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын колдонуу өзгөчө учурларда ушул Кодекстин 9697 жана 114-беренелеринде каралган тартипте жүргүзүлөт. 

2. Баланы сотко алып келгенге чейин аны кармоонун мыйзамдуулугун текшерүү үчүн прокурор ишти өз өндүрүшүнө албастан, ушул Кодекстин 462-беренесине ылайык жеке өзү суракка алууга милдеттүү, сурактын протоколу иштин материалдарына тиркелет. 

3. Балага карата бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө маселени чечүүдө ар бир учурда баланы ушул Кодекстин 111-беренесинде каралган тартипте көз салып турууга өткөрүп берүү сыяктуу чараны колдонуу мүмкүнчүлүгү талкууланышы керек.

4. Баланы кармоо, камакка алуу жөнүндө кармалган же камакка алынган учурдан тартып 3 сааттын ичинде баланын ата-энесине же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнө билдирилүүгө тийиш. 


461-берене. Айыпталуучу баланы чакыртуунун тартиби


Камакка алынбаган айыпталуучу баланы тергөөчүгө, сотко чакыруу анын ата-энеси же башка мыйзамдуу өкүлдөрү аркылуу, эгерде бала атайын тарбиялоо мекемесинде болсо - ушул мекеменин администрациясы аркылуу жүргүзүлөт. 


462-берене. Шектүү, айыпталуучу катары баланы суракка алуу


1. Шектүү, айыпталуучу катары баланы суракка алуу саат 8.00дөн саат 22.00гө чейинки мезгилде жүргүзүлөт жана тыныгуусуз 2 сааттан узакка созулбайт, ал эми жалпысынан алганда - күнүнө 4 сааттан ашпайт.

2. Шектүү, айыпталуучу катары баланы суракка алуу адвокаттын, мыйзамдуу өкүлдүн, зарыл болгондо – балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин, психологдун, педагогдун катышуусунда өтөт, алар суракка алынып жаткан адамга суроолорду берүүгө, ал эми сурак бүткөндө – протокол менен таанышууга, көрсөтмөлөрдүн туура жана толук жазылгандыгы жөнүндө пикирин билдирүүгө укуктуу.


463-берене. Адвокаттын катышуусу


1. Ушул Кодекстин 51-беренесине ылайык балдар жасаган кылмыштар боюнча ишке адвокаттын катышуусу милдеттүү.

2. Балдар жасаган кылмыштар жөнүндө иштер боюнча адвокаттын катышуусуна биринчи сурак учурунан баштап, ал эми кармалган учурда – кармалган учурдан баштап жол берилет. Эгерде бала же анын мыйзамдуу өкүлдөрү адвокат менен макулдашуу түзбөсө, тергөөчү, прокурор, сот мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамды камсыз кылышы керек. 


464-берене. Педагогдун жана психологдун катышуусу


1. 16 жашка чыга элек жана бул жашка чыккан, бирок акыл-эси жагынан артта калган деп таанылган шектүү, айыпталуучу баланы суракка алууга педагогдун же психологдун катышуусу милдеттүү.

2. 16 жашка чыккан балдар жасаган кылмыштар жөнүндө иштер боюнча педагогдун же психологдун суракка катышуусуна тергөөчүнүн, прокурордун каалоосу боюнча же болбосо адвокаттын, мыйзамдуу өкүлдүн өтүнүчү боюнча жол берилет.

3. Педагог же психолог тергөөчүнүн, прокурордун уруксаты менен шектүү, айыпталуучу балага суроо берүүгө, ал эми сурак бүткөндө – сурактын протоколу менен таанышууга жана андагы жазуулардын тууралыгы жана толуктугу жөнүндө жазуу жүзүндө пикирин билдирүүгө укуктуу. Бул укуктарды тергөөчү, прокурор баланы суракка алуунун алдында педагогго же психологго түшүндүрөт, бул тууралуу сурак протоколунда белги коюлат. 

4. Баланы айыпталуучу катарында сотто суракка алууда педагогдун же психологдун катышуусу ушул берененин эрежелери менен аныкталат. 


465-берене. Шектүү жана айыпталуучу баланын мыйзамдуу өкүлүнүн сотко чейинки өндүрүшкө катышуусу


1. Балдар жасаган кылмыштар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүшкө баланын мыйзамдуу өкүлү катышат.

2. Баланын мыйзамдуу өкүлүнүн ишке катышуусуна тергөөчүнүн токтому менен баланы алгачкы суракка алган учурдан тартып жол берилет. Мыйзамдуу өкүлгө ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн укуктар түшүндүрүлөт.

3. Баланын мыйзамдуу өкүлү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) бала эмнеге шектелип жана айыпталып жаткандыгын билүүгө;

2) кылмыш жасагандыгы боюнча айыпты угузууга катышууга;

3) баланы суракка алууга, ошондой эле баланын жана анын адвокатынын катышуусунда жүргүзүлүүчү башка тергөө аракеттерине катышууга;

4) өздөрү катышкан тергөө аракеттеринин протоколдору менен таанышууга жана алардагы жазуулардын тууралыгы жана толуктугу жөнүндө жазуу түрүндө сын-пикирин билдирүүгө;

5) өтүнүчтөрдү жана четтетүүлөрдү берүүгө;

6) тергөөчүнүн жана прокурордун аракеттерине жана чечимдерине даттанууга;

7) далилдерди берүүгө;

8) сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кийин иштин бардык материалдары менен таанышууга, кайсы болбосун маалыматты көчүрүп алууга, документтердин көчүрмөлөрүн алууга. 

4. Тергөөчү сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кийин балага терс таасир этиши мүмкүн болгон материалдардын бөлүгүн ага тааныштырууну чектөө, бул материалдар менен баланын мыйзамдуу өкүлүн тааныштыруу жөнүндө токтом чыгарууга укуктуу. 

5. Эгерде мыйзамдуу өкүлдүн аракеттери баланын кызыкчылыктарына залал келтирет же сотко чейинки өндүрүшкө тоскоолдук кылууга багытталган деп эсептөөгө негиздер бар болсо, ал ишке катышуудан четтетилет. Тергөөчү бул тууралуу жүйөлөнгөн токтом чыгарат. Бул учурда ишке катышууга башка мыйзамдуу өкүлгө жол берилет.


466-берене. Баланы комплекстүү психологиялык-психиатриялык экспертизадан өткөрүү


1. Айыпталуучу балада психикалык оорулардын же өнүгүүсүнүн аномалиясынын болушу, өзүнүн аракеттерине толук же жарым-жартылай отчет берүү жана конкреттүү жагдайды башкаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселелерди чечүү үчүн комплекстүү психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындоого милдеттүү.

2. Айыпталуучу баланын интеллектуалдык, эрктик, психикалык өнүгүүсүнүн деңгээлин, инсандык башка социалдык-психологиялык белгилерин аныктоо үчүн психологиялык экспертиза дайындалышы мүмкүн.


467-берене. Баланы кылмыш-жаза сот өндүрүш тутумунан чыгаруу


1. Эгерде бала биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган деп эсептөөгө негиз болсо, тергөөчү ушул Кодекстин 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 22-пунктуна ылайык баланы кылмыш-жаза сот адилеттигинин тутумунан мыйзамда каралган тартипте чыгаруу максатында сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим кабыл ала алат.

2. Биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган бала пробациялык көзөмөлдү же тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жолу менен сот тарабынан жазадан бошотуу аркылуу кылмыш-жаза сот адилеттиги тутумунан чыгарылат. 

3. Баланы кылмыш-жаза сот адилеттигинин тутумунан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууда анын эң мыкты кызыкчылыктары, жасалган кылмыштын мүнөзү жана оордугу, жаш курагы, күнөөсүнүн даражасы, келтирилген залал, кылмыш жасагандан кийинки жүрүм-туруму көңүлгө алынууга тийиш.

4. Баланы кылмыш-жаза сот адилеттигинин тутумунан чыгаруу жалпысынан төмөнкү жагдайлар болгондо колдонулушу мүмкүн:

1) ал биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган болсо;

2) мурда соттуулугу жок болсо;

3) кылмыш-жаза сот адилеттигинин тутумунан чыгаруу жана медиация программасына катышпаган болсо;

4) кылмыш жасаганын мойнуна алса. 

5. Баланы кылмыш-жаза сот адилеттигинин тутумунан чыгаруу келишиминде төмөнкү чаралар каралышы мүмкүн:

1) жазуу жүзүндө эскертүү;

2) келтирилген залалды толук же жарым-жартылай төлөп берүү;

3) милдеттенме коюу;

4) көзөмөлгө коюу.

Баланы кылмыш-жаза сот адилеттигинин тутумунан чыгаруу боюнча бир нече чара бир учурда колдонулушу мүмкүн. 


468-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу тартиби


1. Ар бир учурда, эгерде бала биринчи жолу анча оор эмес же кылмыш жасаган болсо, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу программасына катышпаса жана кылмышты жасагандыгын мойнуна алса, тергөөчү баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жөнүндө токтом  чыгарат.

2. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жөнүндө келишим тергөөчү тарабынан түзүлөт жана ага тергөөчү, бала, анын мыйзамдуу өкүлдөрү, адвокат жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери кол коёт. Келишимге ушул Кодекстин 474-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар тарабынан кошумча кол коюлушу мүмкүн.

3. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимде баланын аткаруусу үчүн чаралар жана шарттар белгиленет. Келишимдин мөөнөтү кол коюлган күндөн тартып 3 айдан 12 айга чейинкини түзүшү мүмкүн.

4. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө токтом жана келишим  прокурор тарабынан бекитилет.

5. Тергөөчүнүн же прокурордун баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруудан баш тартуусу  жогору турган прокурорго же тергөө судьясына даттанылышы мүмкүн.

6. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө токтом жана келишим жабырлануучу тарабынан жогору турган прокурорго же болбосо тергөөчү судьяга даттанылышы мүмкүн.

7. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча тергөө судьясынын актылары даттанылууга жатпайт. 

8. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө аны бекиткен прокурор тарабынан жүзөгө ашырылат.

9. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жабырлануучуну андан кылмыш менен келтирилген мүлктүк зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу укугунан ажыратпайт.


469-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруунун жүрүшүндө бала үчүн кепилдиктер


1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин балага, анын мыйзамдуу өкүлүнө жана жактоочуга кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруунун маңызы, аны колдонуу тартиби, узактыгы, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча чараларды сактабоонун мүмкүн болгон шарттары жана кесепеттери жөнүндө толук маалымат берилүүгө тийиш.

2. Балага оозеки жана жазуу жүзүндө кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгарууга макулдугу  ыктыярдуу болушу керектиги жана бала каалаган этапта кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгуудан баш тартууга укуктуу экендиги түшүндүрүлүшү керек.

3. Баланын кылмышты мойнуна алышы, ошондой эле кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу процессинде ал жөнүндө чогултулган маалымат сотто ага каршы колдонулушу мүмкүн эмес.

4. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жөнүндө келишимдин шарттары бала тарабынан аткарылган учурда тергөөчү чыгарууну аткаруу жөнүндө токтом чыгарат.


470- берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча чараларды колдонуу тартиби


1. Балага карата ушул Кодекстин 467-беренесинин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чаралар колдонулушу мүмкүн.

2. Бир эле учурда кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча бир нече чараны колдонууга жол берилет. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча чаралар ушул Кодекстин 54-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтердин негизинде аныкталууга тийиш.

3. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча чаралар акылга сыярлык жана жасалган кылмышка өлчөмдөш болууга тийиш. Баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу процессинде анын ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен, аны кадимки окуу процессинен четтеткен, ошондой эле баланын физикалык же психикалык ден соолугуна зыян келтирген милдеттенмелерди жүктөөгө тыюу салынат. 

4. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгарууда  жасалган кылмыш үчүн каралган мыйзамда белгиленген минималдуу жазадан кыйла катаал чараларды колдонууга тыюу салынат.


471-берене.  Жазуу жүзүндө эскертүү


Жазуу жүзүндөгү эскертүү – бул балага анын иш-аракеттеринен келтирилген зыян жана кылмыштын кайталап жасоодо алып келүүчү кесепеттер жөнүндө түшүндүрүү.


472-берене.  Келтирилген зыяндын ордун толук же жарым-жартылай толтуруу


Келтирилген зыяндын ордун толук же жарым-жартылай толтуруу жабырлануучуга кылмыштын кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдын ордун баланын өзүнүн анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн же башка адамдардын толук же жарым-жартылай толтуруусу болуп саналат.


473-берене.  Милдеттенмелерди жүктөө


1. Келишимде белгиленген мөөнөттө балага төмөнкүлөргө тыюу салынышы мүмкүн:

1) айрым жерлерге барууга;

2) жашаган жерин өзгөртүүгө;

3) белгилүү бир убакытка чейин үйдөн кетүүгө;

4) айрым адамдар менен баарлашуудан алыс болууга;

5) эс алуунун айрым түрлөрүн колдонууга; 

6) анын кайра социалдашуусуна тоскоол болгон бардык башка аракеттерге.

2. Бала келишимде белгиленген мөөнөттөрдө төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жардамы менен билим берүү мекемесинде окууну баштоого же улантууга;

2) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жардамы менен ишке орношууга;

3) билим берүү программасынан жана (же) медициналык дарылоо программасынан өтүүгө;

4) бош убакытты белгилүү бир тартипте пайдаланууга;

5) анын кайра социалдашуусуна жана кылмышты кайрадан жасоого жол бербөөгө өбөлгө түзгөн башка милдеттенмелерди аткарууга. 


474- берене. Кепилдикке өткөрүп берүү


1. Баланы кепилдикке өткөрүп берүү – бул баланын кызыкчылыгына каршы келген учурларды кошпогондо, ата-энелерге же аларды алмаштырган адамдарга, же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чыгаруу программасын ишке ашыруу боюнча милдеттерди жүктөө.

2. Баланы кепилдикке өткөрүп берүү чыгаруу программасын аткаруу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алууга жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин тарабы катары чыгууга даяр башка адамдарга жана уюмдарга жүктөлүшү мүмкүн.


475-берене. Кылмыш-жаза сот тутумунан чыгуу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбоо


1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча чаралардын аткарылышын контролдоо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.

2. Бала кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча чараларды аткарбаган учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери аткарбоонун себептерин аныктоого, баланын келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруусу боюнча толук чараларды көрүүгө милдеттүү.

3. Бала тарабынан кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча чаралар атайын аткарылбаган учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери бул жөнүндө тергөөчүгө жазуу жүзүндө билдирет.

4. Тергөөчү баланын жана ушул Кодекстин 468-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын түшүндүрмөлөрүн угууга милдеттүү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча тергөөчү чечимди күчүндө калтырууга, колдонулган чараларды өзгөртүүгө, келишимдин мөөнөтүн узартууга же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечимди жокко чыгарууга укуктуу.

5. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жөнүндө чечим жокко чыгарылган учурда, балага карата сотко чейинки өндүрүш жалпы тартипте жүргүзүлөт.

6. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жөнүндө чечим жокко чыгарылган учурда, баланын кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча чараларды аткаруу боюнча көрүлгөн иш-аракеттери өкүм чыгаруу процессинде эске алынат.


476-берене.  Балдардын иштери боюнча айкындуулуктун чектелиши


Шектүү, айыпталуучу, жабырлануучу, күбө болгон баланын  купуялуулукка болгон укугу кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн бардык этаптарында сакталышы керек жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке алып келет.


477-берене. Айыпталуучу баланын мыйзамдуу өкүлүнүн соттук териштирүүгө катышуусу


1. Айыпталуучу баланын мыйзамдуу өкүлдөрү соттук отурумга чакырылууга тийиш. Алар далилдерди изилдөөдө катышууга, түшүндүрмөлөрдү берүүгө, далилдерди берүүгө, өтүнүчтөрдү жана четтетүүлөрдү берүүгө, соттун аракеттерине жана чечимдерине даттанууга, соттук отурумга катышууга укуктуу. Аталган укуктар аларга соттук териштирүүнүн башталышында түшүндүрүлүшү керек. Баланын мыйзамдуу өкүлдөрү ишти бүткүл соттук териштирүүдө соттук отурумдун залында катышат. Алардын макулдугу менен алар сотто күбө катары суралышы мүмкүн. 

2. Эгерде баланын мыйзамдуу өкүлүнүн аракеттери айыпталуучу баланын кызыкчылыктарына залал келтирет же ишти соттук териштирүүгө тоскоолдук кылууга багытталган деп эсептөөгө негиздер бар болсо, ал соттун жүйөлөнгөн токтому менен соттук териштирүүгө катышуудан четтетилиши же ишти териштирүүгө тоскоол болууга жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул учурда айыпталуучу баланын башка мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусуна жол берилет. 

3. Эгерде айыпталуучу баланын мыйзамдуу өкүлү ишке адвокат же материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруп берүүгө жооптуу адам катары катышса, ал процесстин көрсөтүлгөн катышуучуларынын укуктарына ээ болот жана милдеттерин аткарат.

4. Эгерде биринчи инстанциядагы сотто апелляциялык, кассациялык тартиптерде ишти кароо башталганга чейин айыпталуучу (соттолгон, акталган) 18 жашка чыкса, сот мыйзамдуу өкүлдүн функцияларын токтотуу жөнүндө токтом кылат (аныктайт).


478-берене. Айыпталуучу баланы соттук отурумдун залынан чыгарып салуу


1. Тараптардын өтүнүчү боюнча, ошондой эле өз демилгеси боюнча сот айыпталуучу балага терс таасир этиши мүмкүн болгон жагдайды иликтөө убагында аны соттук отурумдун залынан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.

2. Айыпталуучу бала соттук отурумдун залына кайтып келгенден кийин, төрагалык кылуучу ал жок кездеги соттук териштирүүнүн ага керектүү маалыматтарын маалымдайт жана айыпталуучу балага ал жок кезде суралгандарга суроо берүү мүмкүнчүлүгүн берет.


479-берене. Сот тарабынан пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен баланы кылмыш жазасынан бошотуу


1. Бала тарабынан анча оор эмес же оор кылмыш жасалган учурда сот жасалган кылмыштын оордугун, күнөөлүүнүн инсандыгын, ошондой эле башка жагдайларды эске алуу менен жазаны өтөбөстөн оңоло турган мүмкүндүгү жөнүндө тыянакка келет, Кылмыш-жаза кодексинин 109-беренесинде каралган пробациялык көзөмөлдү дайындайт.

2. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен баланы жазадан бошотуу учурунда сот бул жөнүндө пробация органына билдирет жана ага соттолгондун жүрүм-турумун контролдоону жүзөгө ашырууну жүктөйт.


480-берене. Соттун тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу менен баланы кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуусу


1. Эгерде коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштар жөнүндө иштер боюнча мындай кылмышты жасаган бала тарбиялык мүнөздөгү чараны колдонуу менен оңолушу мүмкүн экендиги таанылса, сот баланы кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотот жана ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 16-главасында каралган тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууга укуктуу. 

2. Тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу менен баланы кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошоткон учурда сот бул тууралуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет жана ага баланын жүрүм-турумун контролдоону тапшырат.

3. Дайындалган тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасында каралган шарттарды бала системалуу түрдө бузган учурда, сот балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча мындай чараны тарбиялык мүнөздөгү катаалыраак мажбурлоо чарасына алмаштырат же жазаны колдонуу жөнүндө маселени чечет жана иш ушул Кодекстин ченемдерине ылайык каралат.



Садыков Рысбай Капарович -Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасынын улук тергөөчүсүнө студенттер тарабынан берилген суроолор:

  1. Канча жаштан баштап мамлекет тарабынан жазага тартылат?
  2. Кыргызстанда өлүм жазасы барбы?
  3. Студенттердин окуудагы укуктары кандай?
  4. Акыркы 3 ай ичинде Майлуу-Суу шаарында кандай кылмыштар катталды?
  5. ИДНде учетко канчага чейин турат?
  6. Адам урдаса канчага камалат?



Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив