Новости

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туунун кабыл алынганына бүгүн 30 жыл толду.

03 март, 2022 91
0
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Советтин токтому менен бекитилген. 
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туунун кабыл алынганына  бүгүн 30 жыл толду.
Мамлекеттик желек кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган. Күндөй төгөрөктүн ичинде кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген.
Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк — үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу, желектин кырмызы түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон.
Ушуга байланыштуу бүгүн (03.03.2022) Майлуу-Суу медициналык колледжинде салтанаттуу чогулуш өткөрүлдү. Чогулушка эмгек жамааты, студенттер катышышты. Анда Мамлекеттик Туунун кабыл алынуусу, тарыхы, символдуу белгилердин чечмелениши тууралуу доклад окулду.














Туунун авторлору: Эдил  Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков.
Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
  1. Aresrl
    16 марта 2026 10:57
    Betano – the casino https://betanogame.org/ that pays out big. New members receive up to €500 welcome bonus and free spins. Spin, bet and win with the best odds and instant withdrawals. Play today.
1 2 3 4