9-декабрь - “Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү” күнүнө карата Майлуу-Суу медициналык колледжинде Майлуу-Суу шаардык прокуратурасынын колдоосу менен акция өткөрүлдү.
9-декабрь - “Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү” күнүнө карата Майлуу-Суу медициналык колледжинде Майлуу-Суу шаардык прокуратурасынын колдоосу менен акция өткөрүлдү. Акцияга окутуучулар жамааты жана 1-3-курстун студенттери катышышты. Шаардын прокурору Назарбеков А.Н. коррупция боюнча лекция окуду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгы “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия” боюнча кеңири токтолуп, Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” тууралуу беренелерин түшүндүрдү. Студенттердин суроолоруна жооп берип, аларды сапаттуу билим алуу менен коррупциянын алдын алуу, токтотуу мүмкүн экендигин айтты.
Окуу жайдын директору Батырбекова З. “9-декабрь эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү” күнүнө” карата иш-чарага шаардык прокуратуранын прокуроруна көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.
Акцияга 1-3-курстун тайпалары дубал гезиттерди чыгарышты. Тайпаларда куратордук сааттар өтүлдү.








- “10-декабрь Адам укуктарынын эл аралык күнүнө” карата МСМКда акция өткөрүлдү.
- 1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата медициналык колледждин студенттери ВИЧ/СПИДдин жайылышын алдын алуу жана бул илдетке каршы күрөшүүгө багытталган акцияга активдүү катышты.
- Майлуу-Суу медициналык колледжинде 2025-ж.07.02. Коррупцияга каршы жыйын болуп өттү. Жыйынга МСМКнын окутуучулар жамааты жана студенттери, старосталар, Майлуу-Суу шаардык прокурорунун жардамчысы Молдоматова Н.А. катышты.
- “1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк АИВ СПИД илдетине каршы күрөшүү күнү"
- 9-декабрь -Коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө