Новости

05.03.2025-жылы Майлуу-Суу шаарында да Ак калпак күнүнө карата маданий-массалык иштер чара өткөрүлдү

05 март, 2025 7
0

5-март Ак калпак куну

Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак куну белгиленет. Бул күн Жогорку Кенештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.

Ак калпак куну официалдуу эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган. Кунду белгилөөнүн инициатору катары режиссер Рысбек Жабиров болгон. Анын сөзү боюнча ак калпак, улуттук символ катары кийин муундар тарабынан унутта калбаш керек, ошондуктан ал өзүнүн майрамдык датасына ээ болуш керек деген ойлорун билдирген. Ал эми 5 март калпак куну байчечекейлер чыгып, жаздын күндөрүнүн бири болуп, эң ылайыктуу күн катары кабыл алынган. Жылдан-жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болуп, 2016-жылы официалдуу статус алган.

05.03.2025-жылы Майлуу-Суу шаарында да Ак калпак күнүнө карата маданий-массалык иштер чара өткөрүлдү жана шаарыбыздын аксакалдары баштаган жана шаарыбыздын жетекчилер эмгек жамааты менен, студенттер, мектеп окуучулары катышкан жөө жүрүш болду. Ошолордун катарында Майлуу-Суу медициналык колледждин жигиттери да баштарына Ак калпак кийишип шаардык журушко чыгышты. Журуш Достор магазинден баштап шаардык аянтка чейин болду жана шаардык маданият үйүнүн алдында Ак калпак күнүнө карата митинг болуп митингде МСМК тарых мугалими Исабекова Г.М доклад окуп Ак калпак тууралуу кенен маалымат берди. Журушту шаардык жол коопсуздугунун кызматкерлеринин козомолу менен журду.


Ак калпак тарыхы
Ак калпак байыртан эле кыргыз эркектеринин улуттук баш кийими, ата-бабаларыбыздын мурасы катары саналып, өзүнө терең философияны камтыйт. Формасы, оймо-чиймелери, өзгөрбөстөн муундан-муунга өтүп келген. Калпак аркылуу кыргыздар адамдын жашын, коомдогу абалын билишкен. Бүгүнкү күнү дагы бул байыркы улуттук баш кийим өлкөбүздө кеңири колдонулат. Калпакты ардактуу, кадырлуу адамдарга белекке беришип, майрамдарга, жумушка, кыскасы кадимки турмуш-тиричиликте кийишет.

Айтмакчы, учурда түрдүү иш-чараларда, майрамдарда ижара калпак тартуулоо салтка айланып барууда. Ал эми Кыргызстан спортчуларынын эл аралык спорт мелдештериндеги параддык формаларына сөзсүз түрдө калпак кирет.

Ак калпак - тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестет. Кыргыздардын "Манас" эпосунда да Кыргыздар калпагы башынан түшпөгөн эл деп айтылат. Калпакка болгон мамиле кыргыздарда өзгөчө десек болот, аны таза кармап, ыргытып же тегеретишпейт, эки колдоп гана чечүү керек, илгери кыргыздар жерге койбой бийигирээк же жанына коюп алышкан. Кыргыз өз калпагын сатпайт, бирөөгө бербейт, бир гана мурас катары берсе болот. Калпакты жоготсо же бирөөгө берсе анда адам кадыр-баркынан, акылынан жана аброюнан ажыраган болот деп айтылат.

Кыргыз калпактары бычылышы боюнча түрдүү болгону менен, негизинен ылдый жагы кең болгон аны төрт кыйыктан тигишкен. Кыйыктарды капталдарынан тигишпейт, бул калпактын талаачаларын өйдө же төмөн түшүрүүгө мүмкүндүк берген. Салтка ылайык оймолорун жибек жип менен тигишип, талаачаларын кара баркыт менен бастырышкан. Чокусун чачыча менен көркөмдүп, ал калпакта салаңдап турат. Тышкы жөнөкөйлүгүнүн артында кылымдар бою туураланып келген ыңгайлуулук менен тыкандык жатат.

Кыргыз маданиятында ак калпак эң демократиялуу баш кийим болгон. Аны бүт эркектер кийишкен - бай-манаптан баштап кедей-кембагалдары, жашы, карысы. Формасы жана түстөрү менен гана айырмаланып турган. Мисалы, ак сөөктөр, ырчылар бийигирээк калпак кийишип, ичке кылдуу жүндөн, кымбат баркыттан бычылып, өзгөчө оймолор менен кооздолгон.

Бүгүнкү күнү Кыргызстандын тикмечилери түрдүү фасондогу калпактарды даярдашат, майрамдык, күнүмдүк, балдарга, карыларга. Калпактын 80дей түрү бар деп айтылат, алар формасы, татаалдыгы, мааниси жана ыңгайлуулугу менен айырмаланышат. Чыныгы ак калпак табигый, жаңы тазаланган, ак ичке кылдуу койдун жүнүнөн дайындалат. Дал ушундай жүндөн жасалган калпак кышкысын сууктан сактап, жайкысын ысыктан коргоп, жаанда суу өткөрбөйт, формасын жоготпойт.













Прокомментировать
Введите код с картинки:*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
  1. Mayurids
    9 марта 2025 20:26
    У моей девушки скоро юбилей — 25 лет, и я не знаю, что ей подарить.
    Ищу идею для подарка, чтобы она точно обрадовалась.
    Поделитесь, пожалуйста, своими идеями и опытом.
    Думаю о косметике, украшениях или, может быть, о впечатлениях?
    Любой совет будет полезен!



    ________________
    https://www.shippingexplorer.net/en/user/lepodium/137074
  2. Mayurids
    10 марта 2025 12:32
    Здравствуйте! Поделитесь мнением, в тренде ли леопардовый принт в 2025 году?
    Возможно, его снова носят? Или лучше отказаться такой стиль?
    Буду благодарен за советы!



    ________________
    https://whitezorro.ru/zorro/458-kiton-iskusstvo-italyanskoy-roskoshi-i-sovershenstva/
  3. Mayurids
    11 марта 2025 21:50
    Привет! Часто думаю о том, стоит ли тратить деньги на люксовые вещи. Логично, что качество у них выше, но цена кусается. Имеет ли смысл столько платить?
    Ваше мнение: оригинал стоит своих денег, или это переплата? Заодно, можно ли носить подделки? Жду ваши мнения!




    ________________
    https://dom-nam.ru/index.php/forum/stroitelnye-kompanii/162453-rick-owens-estetika-buntarstva-i-minimaliz#199924
  4. Mayurids
    12 марта 2025 20:36
    Привет, друзья!
    Любопытно, что вы думаете ваше мнение об онлайн-играх.
    Играете ли вы в них?
    Как думаете, это развлечение или зависимость?




    ________________
    https://telegra.ph/Otvetstvennaya-igra-kak-poluchat-udovolstvie-bez-riskov-01-21
  5. Mayurids
    14 марта 2025 21:02
    Привет! Хотелось бы узнать, где форумчане чаще всего покупаете одежду. Предпочитаете ли в офлайн-магазинах либо всё-таки заказываете на маркетплейсах?
    Какие факторы для вас ключевые – оценить вещь вживую или удобство онлайн-шопинга?
    Будет интересно услышать ответов и аргументов!



    ________________
    http://zhodinonews.by/2017/09/25/filipp-plejn-uvekovechit-pobedu-flojda-me-jue-zera-nad-makgregorom-v-odezhde/

    Привет! Хотелось бы узнать, где форумчане обычно заказываете одежду. Предпочитаете ли в торговых центрах либо всё-таки заказываете в интернете?
    Какие факторы для вас ключевые – посмотреть качество на месте или широкий выбор в интернете?
    Будет интересно услышать ответов и опыта!



    ________________
    https://newhouse.ru/news/204984/
  6. Mayurids
    15 марта 2025 22:07
    Если кто-то увлекаетесь модой, значит вы попали в нужное место!
    На этом сайте каждый получите горячие новости из мира стиля.
    Наш ресурс делимся информацией о коллекциях и их философии.
    Помимо этого, на сайте есть аналитику по индустрии.
    Делитесь мыслями в кругу единомышленников на форуме!



    ________________
    https://www.061.ua/list/125072
  7. Mayurids
    16 марта 2025 15:02
    Hey everyone, I’ve been considering buying a [url=https://learn.ivlc.com/read-blog/4805]Patek Philippe[/url] and wanted to get your opinions. Do you think these watches are worth the investment? Are they actually worth the money, or is it more about the prestige of the brand? I’m also wondering, would you recommend buying an authentic Patek Philippe, or is it better to go for something else? I’d love to hear your opinions on this topic. Looking forward to your feedback!