МСМКда 1-декабрь бүткүл АИВ/СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү.
МСМКда 1-декабрь бүткүл АИВ/СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү.
ВИЧ/СПИД жөнүндө практика башчысы тарабынантайпалар арасында сурамжылоо (анкетирование)жүргүзүлдү. Тест 10 суроодон туруп, 266 студент катышышты. Жалпы жетишкендиктери 72,3% түздү.
“Биз ВИЧ/СПИДке каршыбыз”, “Биз сергек жашоону тандайбыз” жана башка ураандар арасында спорттук мелдештер уюштурулду.
Дене-тарбия мугалими А. А. Маатовдун жетекчилиги алдында волейбол, футбол, шахмат, тогуз коргоол оюндарынын мелдеши болуп өттү.
Тайпалар арасында “Биз СПИДке жана наркоманияга каршыбыз” аттуу класстык сааттар өтүлдү.
Кыргыз тили сабагында кыргыз тили мугалими М.Т. Жусмаматова АИВ/СПИД жөнүндө диктант жаздырды.
1-декабрь бүткүл АИВ/СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата МСМКда акция болуп өттү. Акцияны инфекция сабагынын мугалими Саттарова Айжамал Байзаковна алып барды. Республикалык, областык жана шаардык статистикалык маалыматтар менен тааныштырды.
Акцияга студенттер СПИД оорусуна каршы даярдалган плакаттар жана“Биз СПИДке жана наркоманияга каршыбыз”, “Биз сергек жашоону каалайбыз” ураандар менен чыгышты. Студенттер колдоруна “ СПИД/СТОП” деген жазуулары бар кызыл жана ак түстөгү шаарлар менен флешмоб аткарышты. Ошол эле күнү шаардык акцияга 50 студент флешмоб аткаруу менен катышышты.
Клиникалык сабактарда хирургия, акушерство, терапия, педиатрия сабактарында ВИЧ/СПИД жөнүндө сабактар өтүлөт. Мисалы:акушерство сабагында “ ВИЧ/СПИД жана кош бойлуулук”, “ жыныстык жол менен жугуучу оорулар”, “ Балдардын жана ымыркайлардын ВИЧ/СПИД оорусу. “Хирургиялык инструменттерди тазалоо”. Бир айлык акцияда китепканада “Биз СПИДкекаршыбыз” деген бурч уюштурулду.
- 1-декабрь 2022-ж.СПИДге каршы күрөштүн эл аралык күнүнө карата МСМКда Акция болуп өттү". Акцияга студенттер, администрация, окутуучулар, топтордун кураторлору катышты. Акция өткөрүлгөн аймак шарлар, плакаттар, транспоранттар менен кооздолгон.
- 2021 – жылдын 13- декабрында Майлуу-Суу медициналык колледжинде Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата «Кыргыз тилим-көөнөрбөс мурасым» аттуу адабий кече болуп өттү.
- 10-декабрь -" Адам укугун коргоо күнүнө " карата
- 9-декабрь -Коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө
- МСМКда 20-ноябрдан “1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө” карата “ВИЧ/СПИД илдетине каршы күрөшүү жана алдын алуу” боюнча айлык жарыяланып , иш планы бекитилди. Ага ылайык төмөнкү иштер аткарылды