2023-жылдын 22-февралында Майлуу-Суу медициналык колледжинде 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата "Мекенди коргоо-ыйык парз!"деген темада жигиттер арасында "Кана эмесе, жигиттер!" аттуу конкурсу өткөрүлдү.
2023-жылдын 22-февралында Майлуу-Суу медициналык колледжинде 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата "Мекенди коргоо-ыйык парз!"деген темада жигиттер арасында "Кана эмесе, жигиттер!" аттуу конкурсу өткөрүлүп конкурста 1-2-3 курстардын студенттери "Шумкар", "Скорпион", "Бөрү"аттуу командалары таймашты.
Калыстар тобу:
- “Дене тарбия” сабагынын окутуучусу - Маатов А.А,
- Аскер комиссариатынын жетекчисинин орун басары – капитан Тиленбаев Э.Т;
- МСМК нын аскер жетекчиси - Набиев М.Б;
- БАК окуу жайынын “Аскерге чейинки даярдоо” сабагынын окутуучусу - Карагулов Б.Т.
Конкурстун шарттары боюнча командалар АК-74 автоматын толук эмес чачуу жана жыйноо, противогаз кийүү, спорттук таймаштардан отжимание, гиря көтөрүү жана скакалка секирүү боюнча таймашышты.
Конкурс шаардык маданият үйүндө өткөрүлүп, ыр-бийлер менен коштолду.
1-орун "Бөрү"командасы;
2-орун "Шумкар" командасы;
3-орун "Скорпион" командалары
Байгелүү орунду ээлегендерге дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Конкурс жогорку деңгээлде уюштурулду.
Уюштуруучу – БАМД сабагынын окутуучусу Кадыров К.Т.
Конкурстун алып баруучусу – ОСД сабагынын окутуучусу Мунаков Д.Ж.
- "21-февраль -Эл аралык эне-тил күнүнө карата Майлуу-Суу медициналык колледжинде бир айлык жарыяланды. 1-курстар арасында "Слабое звено" интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.
- 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнү.
- Майлуу-Суу медициналык колледжинде “23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата төмөнкү иштер аткарылды. “23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө” карата иш планын түзүлүп, бекитилди.
- Майлуу-Суу медициналык колледжинде “Эл аралык эне-тил күнүн белгилөө жөнүндө төмөнкү иштер аткарылды. “21-февраль “Эл аралык эне-тил күнүн белгилөө ” күнүнө карата иш планын түзүлүп бекитилди.
- Баткен согушунда катышкан жоокерлерди эскерүү күнүнүн 21жылдыгы